Редакцияот 29.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясы

 

2025-жылдын 29-августу № 59/8-9

 

Улуу Ата Мекендик согуштун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин ардагери А.Доскеевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин 26.06.2025-жылдагы №12/1707 сандуу Сунуштамасы, Талас шаарынын мэриясынын 27.06.2025-жылдагы №01-19/2184 жана 25.08.2025-жылдагы №01-19/3126 чыгыш сандуу каттарынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талас шаарындагы Алымкулов көчөсүнө (Бердике баатыр көчөсүнөн баштап, түндүктөн түштүккө карай Талас шаарынын административдик аймагынын чегине чейин) Улуу Ата Мекендик согуштун жана УКМКнын ардагери, полковник, Кыргыз Республикасынын “Ардак белгиси” орденинин ээси, А.Доскеевдин ысымы ыйгарылсын.

2. Кабыл алынган токтомдун көчүрмөсү Талас шаарынын мэриясы тарабынан тиешелүү жактарга жөнөтүлсүн.

3. Токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Изабеков Ч.З.) тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

К. Джаныбеков