Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 29-августу № 60/8-9
“Талас шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2019-жылдын 23-декабрындагы №234/35-7 сандуу токтому менен бекитилген “Талас шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобосу жана Талас шаарынын мэриясынын 10.02.2025-жылдагы №01-19/439 жана 25.08.2025- жылдагы №01-19/3120 сандуу каттарынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты - Джумабеков Дастан Артисбековичке;
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты - Чойбеков Бактыбек Каныбековичке;
3. Эмгектин ардагери, милициянын полковниги - Жаркыналиев Кадырбек Шааболотовичке;
4. Эмгектин ардагери - Осмоналиев Бейшенбек Абдышевичке;
5. Талас облустук кургак учук менен күрөшүү борборунун директору - Ибрагимов Раимберди Нарынбаевичке “Талас шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
6. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Изабеков Д.З.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |