Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 29-августу № 61/8-9
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Туруктуу комиссиялар боюнча 17.12.2024-жылдагы №5/3-9 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 1-пункту, Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 7-главасынын 7.9.пункту, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 10.05.2025-жылдагы №1 токтомуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Ынтымак” фракциясынын сунушунун негизинде, Талас шаардык кенешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курамы 7 депутаттан турган “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын сапаттык курамы төмөндөгүдөй түзүлсүн.
1. Чубак кызы Ширин |
| “Бирге Вместе” фракциясынан |
2. Ионина Екатерина Яковлевна |
| “Бирге Вместе” фракциясынан |
3. Байсалова Жамила Анарбековна |
| “Аманат” фракциясынан |
4. Субанов Канатбек Бейшеналиевич |
| “Аманат” фракциясынан |
5. Рыскулбекова Асыл Калмырзаевна |
| “Эл үмүтү” фракциясынан |
6. Сульпиев Баястан Мырсатаевич |
| “Ынтымак” фракциясынан |
7. Койчубекова Айнура Кулчороевна |
| “Жаны Кыргызстан” фракциясынан |
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы (Изабеков Ч.З.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |