Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-февралы № 89
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 155 "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык келтирүү максатында, "Билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункттун 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын мүлкүн. Өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары камкорчулук кеңештер менен макулдашуу боюнча өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны өз алдынча тескөөгө (ижарага берүүгө) укуктуу.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:
"9) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарына бир билим алуучуга эсептелген бюджеттик каржылоонун ченеминин муктаждыгы боюнча аныкталган бюджеттик каражаттардын көлөмү министрликтердин жана ведомстволордун "Борборлоштурулган иш-чаралары" чыгымдарынын сметасында чыгымдардын бирдиктүү беренеси боюнча каржыланат жана каралат. Өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын каралган каражаттары чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык квартал сайын мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктардагы банктык эсептерге которулат. Өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын атайын (бюджеттен тышкаркы) каражаттары коммерциялык банктардагы банктык эсептерге чегерилет жана казыналык системасынан тышкары эсепке алынат.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун 4-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарына;".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 "Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетинде:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү - бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Ушул Макеттин талаптары сунуштоочу болуп саналат жана төмөнкүлөрдү аткаруу үчүн милдеттүү эмес:
- билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү кесиптик билим берүү программалары боюнча эксперименттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгууда;
- өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан бекитилген билим берүү стандарттарын иштеп чыгууда.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын кошпогондо, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан башталгыч кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары үчүн милдеттүү болуп саналат.";
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"ЖКБ жана ОКБ бакалаврларын, магистрлерин жана адистиктерин даярдоо багытынын алкагындагы билим берүү программасынын профилдери квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын (бар болсо) эске алуу менен билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.";
- 37-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары жана эксперименттик билим берүү стандарттарын ишке ашыруучу кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары жалпы гуманитардык циклдеги дисциплиналардын тизмесин жана эмгек сыйымдуулугун өз алдынча аныктоого укуктуу.";
- 40-пунктта:
2-пунктчанын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) ОКБ - орто же жогорку кесиптик билимге жана/же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш тажрыйбасына";
3-пунктчанын биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ЖКБ - адистин/магистрдин квалификациясына же болбосо илимдин кандидаты же доктору/(PhD) философия доктору)/профили боюнча доктору окумуштуулук даражасына жана/же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш тажрыйбасына.
Окумуштуулук даражасы же окумуштуулук наамы бар окутуучулардын (же аларга теңештирилген адистердин) үлүшү багыты/адистиги боюнча ЖКБ МБСте аныкталат.".
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 10 (3770) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-февралы № 89
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 442 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 155 "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык келтирүү максатында, "Билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункттун 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын мүлкүн. Өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары камкорчулук кеңештер менен макулдашуу боюнча өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны өз алдынча тескөөгө (ижарага берүүгө) укуктуу.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:
"9) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарына бир билим алуучуга эсептелген бюджеттик каржылоонун ченеминин муктаждыгы боюнча аныкталган бюджеттик каражаттардын көлөмү министрликтердин жана ведомстволордун "Борборлоштурулган иш-чаралары" чыгымдарынын сметасында чыгымдардын бирдиктүү беренеси боюнча каржыланат жана каралат. Өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын каралган каражаттары чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык квартал сайын мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктардагы банктык эсептерге которулат. Өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын атайын (бюджеттен тышкаркы) каражаттары коммерциялык банктардагы банктык эсептерге чегерилет жана казыналык системасынан тышкары эсепке алынат.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун 4-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарына;".
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 442 токтомуна ылайык күчүн жоготту)