Редакцияот 29.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясы

 

2025-жылдын 29-августу № 63/8-9

 

Талас шаарындагы №3 “Солнышко” бала бакчасынын ордуна жаңы, заманбап бала бакча курууга макулдук жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 26.06.2025-жылдагы №01-19/2124 сандуу каты, Талас шаардык Жарандык Коргоо комиссиясынын изилдөө АКТсы, Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын 05.08.2025-жылдагы №01-7-453 сандуу сунушунун негизинде, Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талас шаарындагы №3 “Солнышко” бала бакчасынын авариялык абалдагы имаратынын ордуна жаңы, заманбап бала бакча курууга макулдук берилсин.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Турсалиев У.К.) тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

К. Джаныбеков