Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жыл 24-январь, № 1/I
Красная Речка айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Дж.Толубаеванын маалыматын карап чыгып, талкуулап «Красная речка айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетин бекитүү жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24, 78 жана 102-беренелеринин негизинде жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Красная речка айылдык кеңешинин сессиясы,
токтом кылат:
1. Краснореченска айыл аймагынын 2023-жылга бюджети киреше жана чыгаша бөлүгүндө №1 жана 2-тиркемелерге ылайык 15950,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин, анын ичинде:
- жергиликтүү бюджет – 14450,3 миң сом;
- атайын эсеп – 1500,0 миң сом.
2. Бюджеттин чыгаша бөлүгү төмөнкү бөлүмдөргө багытталсын:
Негизги эсеп боюнча:
- 70111 – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр - 8417,0 миң сом;
- 70310 – Коомдук тартип жана коопсуздук - 30,0 миң сом;
- 70629 – Турак жай жана коммуналдык чарба - 2399,7 миң сом;
- 70821 – Китепкана - 415,7 миң сом;
- 70823 – Айылдык клуб - 1776,7 миң сом;
- 70911 – «Ай-Толкун» бала бакчасы - 304,0 миң сом;
- 70911 – «Нур-Балалык» бала бакчасы - 202,0 миң сом;
- 70921 – Красноречка орто мектепке - 484,4 миң сом;
- 71092 – Социалдык камсыздоо - 378,5 миң сом;
- 70421 – Жайыт комитети - 42,3 миң сом.
3. 2023-жылдын башындагы бош калган акча каражаттарынын негизги эсеби боюнча 8 550,5 миң сом, ал эми атайын эсеп боюнча 21,8 миң сом, жайыт комитетинин эсебинде 250,6 миң сом бар.
4. Накталай акча жүгүртүү – 100,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. 2022-жылга штаттык тизме төмөнкү бөлүмдөрдө бекитилсин:
- 70629 – Турак жай-коммуналдык чарба - 593,8 миң сом;
- 70823 – Спорт шаарчасы жана айылдык клуб - 1206,7 миң сом;
- 70821 – Китепкана - 275,7 миң сом.
6. Айыл аймагынын 2023-жылга бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу кирешелер жана чыгашалар боюнча 15950,0 миң сом, 2024-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча 18408,3 миң сом жана 2025-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча 19854,3 миң сом суммасында бекитилсин, № 3 тиркемеге ылайык.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү 1, 2, 3 тиркемелери)
7. Красноречка айыл аймагынын башчысына 2023-жылдын бекитилген бюджетине кирешелер болжолдонгондон ашыкча кирешелердин, чыгашалардан ашыкча аткарылышынын эсебинен өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу берилсин.
8. Жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 289,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
10. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
12. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Е.С.Попуца |