Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жыл 24-январь, № 2/I
Красная Речка айыл ѳкмѳтунун башчысынын 2022-жылдын
социалдык-экономикалык ѳнүгүү планынын аткарылышы
Красная речка айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.А.Кожомамбетовдун «Красная Речка айыл ѳкмѳтунун 2022-жылдын социалдык-экономикалык ѳнүгүү планынын аткарылышы» жѳнүндѳ маалыматын карап жана талкуулап төмөнкү иштер аткарылуусу белгиленди. «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 34 –беренелеринин негизинде Красная речка айыл ѳкмѳт башчысы 2022-жылга карата социалдык-экономикалык ѳнүгүү планын жыл башында бекитилген тартипте 2022-жылдын ичинде толук камдуу аткарылышын айыл аймактын жашоо-турмушун камсыздоо системаларынын иштешин жана ѳнүгүүсүн уюштурууга, калкка социалдык маданий кызмат кѳрсѳтүүгѳ багытталып ишке ишырылган.
Белгиленген максаттар ишке ашып, тактап айтканда билим берүү, медицина, суу тармагында, социалдык чѳйрѳдѳ бир топ иштер аткарылды.
Айыл аймагынын тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу максатында, медициналык жардам көрсөтүү жана медицина кызматкерлерине шарттарды түзүү максатында үй-бүлөлүк дарыгер тобунун имаратын капиталдык ондоодон өткөрүү боюнча долбоор тартылган, жергиликтүү бюджеттен 1 млн. 515,0 мин.сом, Республикалык бюджеттен 2 млн. 998,0 мин. 838 сом, баардык – 4 513 838 сомго жумуш аткарылган.
Жергилитүү маанидеги маселелерди чечүү максатында 4 400 000 сомго эксковатор сатып алынды Чуй фонд тарабынан 4 250 000 сом, айыл өкмөтүнүн каражатынан 150 000 сом.
Красная Речка айыл аймагындагы жайгашкан 2 бала бакчага балдар ойноочу жай орнотулду Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фонд тарабынан 589,120 сом жана жергиликтүү бюджеттен 589,120 сом акча каражаты бөлүндү.
Красная Речка айыл аймагында «Бишкек-Торугарт» борбордук көчөсүн жарыктандыруусун капиталдык оңдоп түзөө иштери жүргүзүлдү жергиликтүү бюджеттин эсебинен 438 824 мин.сомго.
Андан тышкары «Бишкек-Красная Речка-Ысык-Ата» ѳткѳн авто унаа жолунун жээгинде айыл аймагынын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жарыктандыруу орнотулду жана маданият үйүнүн эски терезелери пластик терезелерге алмашылды, демѳѳрчүлѳр аркылуу 500,0 мин.сом акча каражаты тартылды.
Ошондой эле айылды кѳрктѳндүрүү жашылдандыруу максатында борбордук «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожолунун жээгинде, маданият үйүнүн айланасында кѳчѳттѳр отургузулду, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная речка айылдык кеңешинин сессиясы,
токтом кылат:
1. Красная речка айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын 2022-жылга карата социалдык-экономикалык ѳнүгүү планынын аткарылышы боюнча маалыматы кабы алынсын жана канааттандырарлык деп эсептелсин.
2. Красная Речка айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүү максатында социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча ушул багытта иштер улансын.
3. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Е.С.Попуца |