Редакцияот 24.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жыл 24-январь, № 3/I

 

Красная речка айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылга карата

социалдык-экономикалык ѳнүгүү планын бекитүү жѳнүндѳ

 

Красная речка айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.А.Кожомамбетовдун «Красная речка айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылга карата социалдык-экономикалык ѳнүгүү планын бекитүү жѳнүндѳ» маалыматын карап жана талкуулап төмөнкү иштер аткарылуусу белгиленди. Айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги экономикалык ѳнүгүүсүн турмушка ашыруу максатында жергиликтүү бюджет, инвестиция, гранттар, демѳѳрчүлѳр тарабынан иш жүзүнѳ ашыраарын белгиленди, тактап айтканда ѳнѳр жайда, айыл чарба тармагында, билим берүү, маданият жана инфраструктураны жакшыртуу маселесин карап чыгуу боюнча талаптар коюлду. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78–беренесинин негизинде жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы,

 

токтом кылат:

 

1. «Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылга карата социалдык-экономикалык ѳнүгүү планы» тиркемеге ылайык бекитилсин.

(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү тиркеме)

2. Красная Речка айыл ѳкмѳтүнө, Красная речка айыл аймагынын мекеме-уюмдарынын жетекчилерине, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактарга:

- планда белгиленген чараларды ишке ашыруу боюнча комплекстүү чараларды кѳрсүн, ѳндүрүштүн жана ресурстардын кошумча резервдерин табууга, инвестициялык долбоорлорду ѳз убагында жана сапаттуу ишке ашырууга, экономиканын ѳсүү темптерин максаттуу кѳрсѳткүчтѳрун камсыз кылуу үчүн жаңы ѳндурүштүк кубаттуулуктарды ишке киргизсин.

3. Красноречка айыл өкмөтү:

- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;

- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары

 

Е.С.Попуца