Редакцияот 24.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жыл 24-январь, № 4/I

 

Кыргыз Республикасынын ЖѲБ Союзуна мүчѳлүк акыны которуу жѳнүндѳ

Красная Речка айыл ѳкмѳтүтүн башчысы А.А.Кожомамбетовдун жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруулар союзуну 2023-жылдын 17-январындагы «Жергиликтүү ѳз алдынча башкарууларынын бирлигине мүчѳлүк акыны которуу жѳнүндѳ» кайрылуусун карап чыгып, анын тийиштүү мүчөлүк акыларын убагында төлөө тууралуу билдирүүсүн талкуулап жергиликтүү денгээлде кызматташуу, ѳз ара жардамдашуу социалдык-экономикалык жана башка маселелерди биргелешип чечүү үчүн, мамлекеттик органдарда жалпы кызыкчылыктарды камсыз кылуу жана коргоо, ѳркүндѳтүү багытында. Кыргыз Республикасыны жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу союзу менен кызматташууну чындоо максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22, 34, 39 беренесине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы,

 

токтом кылат:

 

1. Красная Речка аймакта жашаган калктын санына жараша бир адамга эки сомдон Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ѳз алдынча башкарууларынын Союзуна мүчѳлүк акы тѳлѳѳсү каралсын.

2. Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына А.Д.Толубаевага Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ѳз алдынча башкарууларынын Союзуна мүчөлүк акы төлөө үчүн 15506 (он беш мин беш жүз алты) сом өлчөмундө каражат каралсын.

3. Красноречка айыл өкмөтү:

- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;

- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары

 

Е.С.Попуца