Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жыл, 24-январь № 5/I
Красная речка айылдык кеңешинин 2023-жылга карата
иш планын бекитүү жөнүндө
Красная Речка айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы В.Т.Шаршееванын «Красная Речка айылдык кеңешинин 2023-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө» маалыматын карап жана талкуулап төмөнкү иштер аткарылуусу белгиленди. Иш план бир жылга түзүлгөндүгүнө байланыштуу Красная Речка айылдык кеңешинин иш планы айылдык кеңешинин сессиясынын күн тартибине киргизилгендиги белгиленди анда «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинин негизинде кварталда бир жолудан кем эмес айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтѳн биринин талабы боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо максатында ачык ѳткѳрүүлѳрү айтылды. «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы,
токтом кылат:
1. «Красная Речка айылдык кеңешинин 2023-жылга карата иш планы» тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Красная Речка айыл ѳкмѳтү, планда кѳрсѳтүлгѳн мекеме-уюмдардын жетекчилери:
- айылдык кеңешинин жыйналыштарынын иш планына ылайык маалыматтарды ѳз убагында даярдоо боюнча комплектүү чараларды кѳрсүн.
3. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн жоопту катчысына В.Т.Шаршеевага жүктѳлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Е.С.Попуца |