Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жыл 24-январь, №6/I
Муниципалдык объекттерди Красная Речка айыл өкмөтүнүн
балансына алуу жөнүндө
Красная-Речка айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.А.Кожомамбетовдун «Муниципалдык объекттерди Красная Речка айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө» маалыматын карап жана талкуулап айылдык кенешинин депуттатары белгилешти, мурунку колхозунан коомдук мончосу айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилген жана мектепке чейинки балдар мекемеси Ленина көчөсүндө жайгашкан «РПОРММТ» ААКдан айыл окмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда бул объектер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамга ылайык жергиликтүү мааниде колдонулат, Кыргыз Республикасынын «Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ» Мыйзамынын 2, 5, 19 беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Красная Речка айылындагы коомдук мончо Панфилова №62 кѳчѳсүндѳ жайгашкан жана бала бакча Ленина н/ж көчөсүндө жайгашкан айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлсүн.
2. Белгиленген тартипте каттоодон төмөнкү өбъекттер өткөрүлсүн:
- Красная Речка айылындагы Панфилов көчөсүнүн №62 дарегинде жайгашкан коомдук мончо аянты 653,20 м.кв.
- Красная Речка айылындагы Ленина н/ж дарегинде жайгашкан бала бакчасы аянты 2767,92 м.кв.
3. Красная Речка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин укук тартибинин социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Е.С.Попуца |