Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жыл, 4-ноябрь № 23/VIII
Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүгүү программасына ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ
Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн каржы-экономика бѳлүмүнүн башчысы А.Д.Толубаеванын 2022-жылдын 28-январындагы №2/I бекитилген токтомуна «Красная Речка айыл окмѳтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү программасына ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ» маалыматын карап жана талкуулап, айылдык кенешинин депутаттары социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү планына ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүүнү колдошот, анткени мектепке чейинки билим берүү мекемесине шарттарды түзүү үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине негизинде жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Красная Речка айылдык кенешинин 2022-жылдын 28-январындагы №2/I бекитилген токтомуна «Красная Речка айыл окмѳтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү программасына» ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилсин:
- Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылга социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн планына 7-пункт «Билим берүү» тармагына 7.4-пункт деген «Ай-Толкун» жана «Нур-Балалык» мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин айланасында балдар аянтчасын орнотуусу киргизилип толукталсын (тиркемеге ылайык).
2. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н.С.Бекбоева |