Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жыл, 4-ноябрь № 24/VIII
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин айланасына балдар аянтчасын сатып алууга салымды каржылоо жѳнүндѳ
Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.А.Кожомамбетовдун «Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин айланасына балдар аянтчасын сатып алууга салымды каржылоо жѳнүндѳ» маалыматын карап жана талкуулап, мектепке чейинки балдарга шарт түзүү максатында Красная Речка айылдык кенешинин 2022-жылдын 14-октябырындагы №22/VII токтомунун ылайык «Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин чыгаша бѳлүгүнүн ѳзгѳрүшүнѳ байланыштуу 2022-жылга бюджеттин сметасын тактоо жѳнүндѳ» Кыргыз Респуликасынын Бюджеттик кодексинин 18-беренесинин негизинде, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Мектепки чейинки курактагы балдарга шарт түзүү максатында 600,0 (алты жүз мин) сом балдар аянтчасын сатып алууга Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен акча каражаты бѳлүнсүн.
2. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н.С.Бекбоева |