Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жыл, 8-декабрь № 25/IX
Красная Речка айыл ѳкмѳтүндѳгү мүлк салыгын жүргүзүү жѳнүндѳ
Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Д.К.Койчукееванын «Красная Речка айыл ѳкмѳтүндѳгү мүлк салыгын жүргүзүү жѳнүндѳ» маалыматын карап жана талкуулап, Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысынын 2022-жылдын 1-декабырындагы №008/91 катынын негизинде «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып Красная Речка айыл аймагынын аймагында мүлк салыгы бекитилип жана киргизилсин, тактап айтканда:
- кыймылсыз мүлк салыгы;
- транспорт салыгы;
- жер салыгы;
- таштандыларды чыгаруу салыгы;
2. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н.С.Бекбоева |