Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 17-февралы № 05/2-17/39
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
тарабынан өткөрүлүп берилген балык чарба
чөйрөсүндөгү ченем жаратуучу ыйгарым
укуктарды ишке ашыруу жөнүндө
Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны мындан ары өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобосунун 14-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
– Балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү жана суу объектилерин балык чарбалык мелиорациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартиби 1-тиркемеге ылайык;
– Аквакультура жана балык уулоону жүргүзүү үчүн балык чарба көлмөлөрдү берүүнүн тартиби жана шарттары, төлөм акысы жана ошондой эле көлмөлөрдү пайдалануу укугун токтотуунун негиздери 2-тиркемеге ылайык;
– Көл, садок жана көлмө балык чарбаларында өстүрүлгөн балыктарды жана аквакультура продукциясын эсепке алуунун тартиби 3-тиркемеге ылайык;
- Илимий жана контролдук максаттарында балык уулоонун тартиби 4-тиркемеге ылайык;
– Өндүрмөлүк балык уулоо үчүн көлмөлөрдүн балык уулоо тилкелерин берүү боюнча сынак өткөрүүнүн тартиби 5-тиркемеге ылайык;
– Балык чарбасын өнүктүрүү жана пайдалануу үчүн берилүүчү табигый жана жасалма көлмөлөрдүн балык чарба потенциалы жөнүндө балык чарба-биологиялык негиздемесин түзүүнүн тартиби 6-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген балык чарба чөйрөсүндөгү ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө” 2024-жылдын 4-декабрындагы № 04-13/404 буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 1-пункттун экинчи, үчүнчү, бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык анын расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгы:
– ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, эки нускада, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министтрдин милдетин убактылуу аткаруучу, Министрдин орун басары |
| Ж.К. Керималиев |