КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жыл, 28-декабрь № 26/X
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорду каржылоо үчүн ѳздүк салымды бекитүү жѳнүндѳ
Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.А.Кожомамбетовдун маалыматтын карап жана талкуулап, айылдык кенешинин депуттатары Октябрь кѳчѳсүнѳ асфальт-бетон тѳшѳѳ үчун дем үлүштүк (дем берүүчү) грант алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлилине долбоордук арыз менен кайрылсын, анткени тротуар эскирип жарака кеткен. Учурда тротуар кейиштүү абалда, бүгүнкү күндѳ 2023-жылга приоритеттүү долбоордун бири. «Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жѳнүндѳ» жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген «Долбоорллорду даярдоо жана ишке ашыруу жѳнүндѳ» нускамасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 3, 13, 33 жана 51-беренелерине негизинде, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Красная Речка айыл аймагында 2023-жылы Октябрь кѳчѳсүнѳ асфаль-бетон тѳшѳѳ үчүн үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо үчүн сынака жиберилген приоритеттүү долбоор аныкталсын.
2. Красная Речка айыл ѳкмѳтү 2023-жылдын бюджетине жергиликтүү бюджетинен Октябрь кѳчѳсүнѳ асфальт-бетон тѳшѳѳ үчүн долбоорду каржылоо түрүндѳ 8 000 000,0 (сегиз миллион) сом каралсын: жергиликтүү бюджеттен 5 000 000,0 (беш миллион) сом, үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен 3 000 000,0 (үч миллион) сом.
3. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н.С.Бекбоева |