Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-год, 28-декабрь № 28/X
Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлерине айыл чарба продукциясын сатып алууга акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ
Профсоюздук комитетинин тѳрагасы Д.К.Койчукееванын «Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлерине айыл чарба продукциясын сатып алууга акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ» маалыматын карап талкуулап жана 2022-жылдын 19-декабырындагы №13 протоколдун чогулушунун негизинде, Красная Речка айылдык кенешинин 2022-жылдын 28-январындагы №3/I «Красная Речка айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндѳ» токтомуна ылайык зыяндуулугу жана азыктандыруу боюнча эркин балансынын эсебинен айыл чарба продуктылары үчүн каражаттарды тѳлѳѳ жѳнүндѳ, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 145-беренесинин ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Красная Речка айыл ѳкмѳтунүн 2022-жылдын 1-августуна карата штаттык ыраатамагы ылайык киреше бѳлүгү ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу бош балансынан айыл чарба продукциясын сатып алуу үчүн бир айлык маяна ѳлчѳмүндѳ тѳмѳнкү кызматкерлерине бѳлүнүп берилсин:
1. Кожомамбетов А.А. – айыл ѳкмѳтүнүн башчысы;
2. Шаршеева В.Т. – жоопту катчы;
3. Толубаева А.Дж. – каржы бѳлүмүнүн башчысы;
4. Омуркулова Б.И. – башкы адис;
5. Койчукеева Д.К. – башкы адис;
6. Байсакова Н.А. – башкы адис;
7. Белек кызы Айгерим – жетектѳѳчү адис;
8. Осмоналиев Б.Б. – жетектѳѳчү адис;
9. Туленова Н.М. – у.а.жетектѳѳчү адис;
10. Асыкбекова Д.К. – аскер каттоо бѳлүмүнүн адиси;
11. Кульбеда Л.А. – мал чарба адиси;
12. Бегалиев М.Б. – иш кагаздар жүргүзүү катчысы;
13. Новрузова К.Х. – тазалоочу кызматкер.
2. Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн каржы-экономика бѳлүмүнүн башчысы А.Д.Толубаева 2022-жылдын башына карата зыяндуулугу жана азыктандыруу үчүн эркин балансынын эсебинен Красная Речка айыл ѳкмѳтунүн кызматкерлерине айыл чарба продукциясына сатып алуу үчун 316 787 (үч жүз он алты мин жети жүз сексен жети) сом бѳлүнүп берилсин баардык салыктарды кошкондо.
3. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н.С.Бекбоева |