|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 429 токтомуна) |
Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Суу жөнүндө", "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун (мындан ары - Фонд) мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (мындан ары - ЭКБ) объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү шарттарын жана тартибин, анын ичинде конкурстук комиссиянын иши, конкурсту даярдоо, өткөрүү жана жыйынтыгын тариздөө маселелерин аныктайт.
2. Фонддун мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жерлерди ЭКБ объекттерин куруу үчүн убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү ушул Жобого ылайык Фонд тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Фонд ЭКБ объекттерин куруу үчүн Фонддун мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жер участокторун конкурс аркылуу өткөрүп берет.
ЭКБ объекттерин куруу үчүн Фонддун мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жер участоктору уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдорго, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдоруна конкурс өткөрбөстөн акысыз пайдаланууга өткөрүп берилет.
2-глава. Конкурстук комиссия
4. ЭКБ чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер участогун өткөрүп берүү боюнча конкурсту өткөрүүдө Фонд тарабынан 5тен (бештен) кем эмес, бирок 9 (тогуз) адамдан ашык эмес курамда конкурстук комиссияны (мындан ары - Комиссия) түзөт.
5. Комиссия төрагадан, төраганын орун басарынан, Комиссиянын мүчөлөрүнөн жана катчысынан турат.
6. Комиссиянын төрагасы Фонддун директору болуп саналат.
1) Комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- Фонддун (туруктуу негизде);
- ирригация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- токой ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- жаратылыш ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу электр энергетикалык компаниянын.
7. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын ишине жетекчилик кылат, жыйналыштын күн тартибин бекитет жана Комиссиянын жыйналышында төрагалык кылат.
8. Комиссиянын курамы Фонддун буйругу менен бекитилет.
9. Комиссиянын катчысы Комиссиянын жыйналышын даярдоо боюнча иштерди жүргүзөт, жыйналыштын протоколун жүргүзөт жана добуш берүү учурунда Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарын эсептейт.
10. Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын төраганын орун басары аткарат.
11. Комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлер конкурс башталганга чейин 10 күн калганда уюмдардын жетекчилигинин Фондго жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча Комиссиянын курамынан чыгарылышы мүмкүн.
12. Мында конкурсту өткөрүү учурунда Комиссиянын курамы өзгөрбөйт.
13. Комиссиянын бардык жыйналыштары каралып жаткан маселелердин мазмунуна ылайык катчы тарабынан протоколго киргизилет жана жыйналышка катышкан бардык Комиссия мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
14. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде 2/3 бөлүгү катышса, укуктуу деп таанылат.
15. Добуштар тең болуп калган учурда Комиссиянын жыйналышына төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
16. Комиссиянын чечими менен макул болбогон Комиссия мүчөлөрү өз пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал Комиссиянын жыйналышынын протоколуна милдеттүү түрдө тиркелүүгө тийиш.
3-глава. Конкурсту даярдоо жана өткөрүү процесси
17. Комиссиянын жумушчу органы болуп Фонд саналат, ал төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- конкурсту өткөрүүнү уюштурат;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында жана ЭКБ чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекеменин расмий сайтында кулактандыруу жарыялайт, анда конкурстук өтүнмөлөрдү берүү мөөнөттөрү жана тартиби камтылууга тийиш;
- конкурстук өтүнмөлөрдү кабыл алат жана каттайт;
- Комиссиянын протоколунун негизинде конкурстун жеңүүчүсүнө ЭКБ-орнотмолорун куруу үчүн жер участогун өткөрүп берет.
Чет өлкөлүк жеке же юридикалык жак конкурстун жеңүүчүсү катары аныкталган учурда конкурстун катышуучусу Кыргыз Республикасынын аймагында 100% үлүштүк катышуусу менен туунду юридикалык жакты түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө тийиш.
Конкурсту өткөрүү шарттары жана тартиби, жеңүүчүнү аныктоо критерийлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
18. Конкурсту өткөрүүгө чейин 30 күндөн кечиктирбестен Фонд конкурсту жокко чыгарууга укуктуу. Жокко чыгарылган учурда, ошондой эле конкурс болбой калган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Комиссиянын курамын таркатууга же өзгөртүүсүз калтырууга жана кайрадан конкурс жарыялоого укуктуу.
4-глава. Конкурсту өткөрүү тартиби
19. Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тиркөө менен Фонд аныктаган форма боюнча конкурстук өтүнмө берилет:
1) жеке жак үчүн:
- паспорттун жана жеке ишкер катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- инвестициялоо максатын баяндоо менен объекттин негизги баштапкы маалыматтарын, ЭКБ куруу объектинин негизги техникалык жана технологиялык параметрлери жөнүндө маалыматтарды жана объекттин алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо менен эсептөөлөрдү камтыган алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме;
- айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо жөнүндө айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
2) чет өлкөлүк жеке жак үчүн:
- паспорттун көчүрмөсү жана мамлекеттик жана/же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу;
- инвестициялоо максатын баяндоо менен объекттин негизги баштапкы маалыматтарын, ЭКБ куруу объектинин негизги техникалык жана технологиялык параметрлери жөнүндө маалыматтарды жана объекттин алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо менен эсептөөлөрдү камтыган алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме;
- айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо жөнүндө айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
3) юридикалык жак үчүн:
- уюмдун толук аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен маалымкат (юридикалык дареги, телефону жана башка реквизиттери);
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- Уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрү;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (бар болсо);
- өкүлдүн атына ишеним кат, ал ага юридикалык жактын атынан чыгууга жана тиешелүү бүтүмдөрдү түзүүгө ыйгарым укук берет;
- эгерде өтүнмө юридикалык жактын жетекчиси (жеке аткаруу органы) тарабынан берилсе, жетекчиге ижара келишимин түзүүгө укук берүүчү документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүрүүчү документ талап кылынат;
- эгерде юридикалык жак шайлануучу коллегиялуу аткаруу органы тарабынан башкарылса жана ал органдын ижара келишимин түзүүгө макулдугу жөнүндө документ талап кылынса, анда ижара келишимин түзүүгө органдын макулдугун ырастаган тиешелүү чечим талап кылынат;
- өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (түп нускасы конкурска катышуу үчүн каттоодо жеке көрсөтүлөт);
- инвестициялоо максатын баяндоо менен объекттин негизги баштапкы маалыматтарын, ЭКБ куруу объектинин негизги техникалык жана технологиялык параметрлери жөнүндө маалыматтарды жана объекттин алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо менен эсептөөлөрдү камтыган алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме;
- айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо жөнүндө айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
- үстүдөгү ай үчүн карыздын жоктугу тууралуу салык органынын маалымкаты;
4) чет өлкөлүк юридикалык жак үчүн:
- юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы (бар болсо), уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык дареги жана иш жүзүндө жайгашкан жери, идентификациялык салык номери, бул юридикалык жактын өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп эсептелерин ырастаган мамлекеттик реестрден же апостилдештирилүүгө тийиш болгон башка документтен көчүрмө. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилет;
- уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрү;
- инвестициялоо максатын баяндоо менен объекттин негизги баштапкы маалыматтарын, ЭКБ куруу объектинин негизги техникалык жана технологиялык параметрлери жөнүндө маалыматтарды жана объекттин алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо менен эсептөөлөрдү камтыган алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме;
- айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо жөнүндө айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын корутундусу.
20. Конкурстук өтүнмө жана ага тиркелген документтер Фондго конкурс өткөрүү күнүнө чейин үч жумуш күндөн кем эмес эки нускада колдон-колго өткөрүп берилет.
21. Документтерди берүүдө документтердин түп нускасы көрсөтүлөт. Документтерди ишеним кат боюнча берүүгө жол берилет.
22. Фонддун кызмат адамы берилген конкурстук өтүнмөлөрдү, алар келип түшкөн датасын жана убактысын көрсөтүү менен Конкурска катышууга өтүнмөлөрдү каттоо журналына каттайт.
23. Конкурстук өтүнмөлөрдү берүү датасы аяктаган датадан кийин келип түшкөн өтүнмө материалдары кабыл алынбайт. Өтүнмө ээлери каалаган убакта өзүнүн конкурстук өтүнмөсүн чакыртып алууга укуктуу.
24. Өтүнмөнү кароого кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп өтүнмө ээси тарабынан ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келген документтердин толук эмес тизмесинин берилиши эсептелет.
25. Фонд жана Комиссия мүчөлөрү берилген жана колдонулган маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
26. Комиссия катышуучулардын чапталган конверттерин ачат жана берилген материалдардын конкурстун зарыл болгон талаптарына/критерийлерине шайкештигин карайт жана 5 баллдык система боюнча 1-тиркемеге ылайык баалайт.
27. Катышуучунун документтеринин мазмуну жана толуктугу төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:
- инвестициялык долбоор;
- ЭКБ объекттерин куруунун финансылык эсептөөлөрү;
- ЭКБ чөйрөсүндөгү долбоорду ишке ашыруу үчүн катышуучунун финансылык мүмкүнчүлүктөрүн тастыктоо;
- электр кубаттуулугунун эсептөөлөрү;
- тарифтин баасын эсептөө менен экономикалык негиздеменин болушу.
28. Конкурстук өтүнмөлөрдүн материалдарын баалоодо эң жогорку балл алган катышуучу жеңүүчү деп таанылат.
29. Конкурстук өтүнмөлөрдү жана ага тиркелген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча катышуучулардын ар биринин топтогон баллдарынын жалпы суммасы аныкталат. Жыйынтыктарды Комиссиянын мүчөлөрүнө жана конкурстун катышуучуларына Комиссиянын төрагасы жарыялайт.
30. Эгерде эки же андан кеп катышуучу баллдын бирдей максималдуу суммасын топтосо, иштелип чыккан электр энергиясынын сатуу тарифи үчүн эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучуга артыкчылык берилет.
31. Жыйынтык сумма боюнча максималдуу балл алган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү болуп аныкталат, бул тууралуу Комиссиянын протоколу түзүлөт. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго жыйналышка катышкан Комиссия мүчөлөрү кол коет.
32. Протоколго кол коюлгандан кийин Конкурсту өткөрүү аяктады деп эсептелет.
33. Эгерде берилген сунуштардын бири да конкурстун шарттарына жооп бербесе же конкурстук өтүнмөлөр жок болсо Конкурс өткөн жок деп таанылат.
34. Конкурстук документтерге баалоо жүргүзүүнүн жана Фонд тарабынан оң корутунду чыгаруунун жыйынтыктары боюнча ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык 3 жумуш күндүн ичинде келишим түзүлөт.
|
| Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин курууга документтерди тандоо критерийлеринин КЛАССИФИКАЦИЯСЫ
№ | Субъекттин аталышы | Инвестициялык долбоор | Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруунун финансылык эсептөөлөрү | Электр кубаттуулугунун эсептөөлөрү | Тарифтин баасын эсептөө менен экономикалык негиздеменин болушу | Баллдын суммасы |
Балл 0дөн 5ке чейин | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
________________________________________________________________________________
(тандоо критерийлеринин классификациясын толтурган конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн кызмат орду, аты-жөнү, датасы, колу)
|
| Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
ЭКБ объекттерин куруу үчүн жер участогун өткөрүп берүүнүн ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
______________-жыл |
| шаар ________________ |
(дата) |
|
|
Биз, __________________________________________________________________________________
(башчынын аты-жөнү жана уюмдун аталышы)
бир тарабынан мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталуучу жана экинчи тарабынан мындан ары "Ижарага алуучу" деп аталуучу
______________________________________________________________________________________
(жер участогун ижарага алган жеке жактын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы)
төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздүк:
1. Келишимдин предмети
1. Ижарага берүүчү Ижарага алуучуга _______ га жерди ижарага берет:
1) ЭКБны ишке ашырууга документтерди даярдоого 18 айлык мөөнөткө;
2) ушул Келишимге тиркелген планда (картада) 1:__ масштабында көрсөтүлгөн чектерде 36 айлык мөөнөткө ЭКБ объекттерин курууга - ишке ашырууга.
2. Ижара акысы
2.1. Ушул Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун пайдалануу үчүн Ижарага алуучу Ижарага берүүчүгө жыл сайын (же башка макулдашылган мөөнөттөрдө) графикке ылайык ______ сом өлчөмүндө ижара акысын төлөп турууга милдеттенет.
2.2. Ижара акысын төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда Ижарага алуучу кечиктирилген ар бир күн үчүн мөөнөтүндө которулбаган сумманын 0,5 пайызы өлчөмүндө айып пул төлөйт.
2.3. Ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, бирок жылына бир жолудан көп эмес өзгөртүлүүгө тийиш.
3. Ижарага алуучунун укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарага алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
- өз каражаттарынын эсебинен ландшафтты жакшыртууга багытталган жашылдандыруу жана башка иш-чараларды жүргүзүүгө;
- келишимдик негизде ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын берүүгө;
- өз муктаждыктары үчүн ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгууга.
3.2. Ижарага алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ижарага алынган жер участогун максаттуу багытына ылайык натыйжалуу пайдаланууга;
- өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында Ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жаткан аймактарда экологиялык абалдын начарлашына жол бербөөгө;
- ижарага алынган жер участогунда жерди сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо, өндүрүштүн жаратылышты коргоо технологиялары, кыртышты эрозиядан, шорлоодон, суу каптоодон, сазга айлануудан, булгануудан жана башкалардан коргоо боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
- башка жер пайдалануучулардын жана жаратылышты пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартибин бузбоого;
- өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында жердин сапатынын жана экологиялык абалдын начарлашына байланыштуу алынбай калган пайданы кошкондо, Ижарага берүүчүгө, чектеш жер пайдалануучуларга зыяндын ордун толук көлөмдө толтурууга;
- Ижарага берүүчүгө, жердин пайдаланылышын жана корголушун мамлекеттик контролдоо органдарына участокко эркин жетүүнү камсыз кылууга;
- жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара акысын жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө;
- Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин жер участогун ижарага берүүчүгө Келишим күчүнө кирген учурдан жаман эмес абалда кайтарып берүүгө;
- жер участогун субижарага берүүгө жол бербөөгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ижарага алуучу тарабынан жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролду жүзөгө ашырууга;
- жер участогунда курулган мелиоративдик, рекультивацияланган, жакшыртылган жерлерди, коргоочу токой тилкелерин, эрозияга каршы жана башка объекттерди эксплуатациялоого кабыл алууга катышууга;
- Ижарага алуучунун чарбалык ишинин натыйжасында жердин сапатынын жана экологиялык абалдын начарлашынан улам келтирилген чыгымдардын ордун толтурууга;
- колдонуудагы мыйзамдар өзгөргөн учурда Ижарага алуучунун макулдугу боюнча Келишимге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүүгө;
- Ижарага алуучунун жер, жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана ушул Келишимдин шарттарын бузуу менен жүргүзүп жаткан иштерин токтотууга.
4.2. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ижарага алуучуга жер участогун Келишим катталган учурдан тартып ____ мөөнөттө жана анын багытына жана Келишимдин шарттарына ылайык абалда өткөрүп берүүгө;
- Ижарага алуучунун өз алдынча чарбасы үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жана жер участогун натыйжалуу пайдаланууга тоскоолдук кылбоого;
- жер участокторунун абалын контролдоого;
- эгерде Келишимдин шарттарына карама-каршы келбесе, Ижарага алуучунун чарбалык ишине кийлигишпөөгө;
- Ижарага алуучу каза болгон учурда ижара мөөнөтү бүткөнгө чейин анын мураскорлорунун бири менен алардын арызы боюнча ижара келишимин кайра түзүүгө.
5. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле келишимди бузуу тартиби
5.1. Төмөнкү бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндөгү эскертүү берилгенден кийин Ижарага алуучу 30 күндүк мөөнөттө жойбогон учурда жер участогунун ижара келишими сот тартибинде бузулушу мүмкүн:
а) жер участогун ижара келишиминин шарттарын олуттуу бузуу менен пайдалануу;
б) жерди максаттуу багыты боюнча пайдаланбоо;
в) жер участогун кыртыштын күрдүү катмарынын бузулушуна, экологиялык абалдын начарлашына алып келүүчү ыкмалар менен пайдалануу;
г) ижара акысын келишимде белгиленген мөөнөттө төлөбөсө;
д) кыртыштын күрдүүлүгүн олуттуу начарлатуу;
е) Ижарага алуучу тарабынан Келишимдин шарттарын аткарбоосу;
ж) конкурстун шарттарына ылайык жер участогун жакшыртуу боюнча милдеттенмелерди аткарбоо;
з) тараптар ижара акысынын өлчөмүн индексациялоо жөнүндө макулдашууга жетишпесе.
5.2. Бул Келишим мөөнөтү бүткөнгө чейин эки тараптын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча гана же болбосо айыл чарба талаа иштери башталганга чейин же аяктагандан кийин сот тартибинде өзгөртүлүшү же токтотулушу мүмкүн.
5.3. Ижарага алуучу тарабынан Келишимдин шарттары аткарылбаган учурда аларды четтетүү жөнүндө 3 билдирүүдөн кийин жерлерди ижарага алуу келишими ЭКБ объекттерин ишке ашырууга сарпталган финансылык чыгымдардын ордун толтурбастан бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн.
6. Тараптардын жоопкерчилиги
6. Тараптардын ар бири ушул Келишимдин шарттарын бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
7.1. Ушул Келишим боюнча келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштарды Тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракеттенет.
7.2. Башка шарттар ____________________________
7.3. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү. Бир нускасы Ижарага берүүчүдө, экинчиси Ижарага алуучуда калат, үчүнчүсү кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү органына берилет.
8. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери:
Ижарага берүүчү | Ижарага алуучу |
________________________________________ | ________________________________________ |
________________________________________ | ________________________________________ |
________________________________________ | ________________________________________ |
________________________________________ | ________________________________________ |
Кол тамгалар:
Ижарага берүүчү | Ижарага алуучу |
________________________________________ | ________________________________________ |
(кол тамга) | (кол тамга) |
М.О. | М.О. |
Келишим ___________________________________________________________________________
20___-жылдын "___" ___________ катталды.
Каттоо номери
___________________________________________________________________________________
М.О.