Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 16-отуруму
2025-жылдын 30-декабры № 16/1
Гүлчө шаарынын мэриясынын жергиликтүү бөлүгүнө республикалык бюджеттен 2025-жылдын 22-сентябрындагы №550 токтомдун негизинде келип түшкөн максаттуу трансфертти киргизип, өзгөртүп берүү жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезексиз 16-отуруму, Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевдин 2025-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө максаттуу трансферт жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021 №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 115-беренесине ылайык, Гүлчө шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2025-жылга республикалык бюджеттен 2025-жылдын 22-сентябрындагы №550 токтомдун негизинде келип түшкөн максаттуу трансфертти планга киргизип, өзгөртүп берүү жагы каралсын.
К/н
|
Беренелердин аталышы |
Берене |
бардыгы | 4-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1 | Максаттуу трансферт | 11312100 | 13920 | 13920 |
|
| жалпы |
| 13920 | 13920 |
|
2.Гүлчө шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2025-жылдын бекитилген сметасынын төмөндөгү беренелердин планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
К/н
|
Беренелердин аталышы |
Берене |
бардыгы | 4-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1 | Аппарат | 2212 | 13920 | 13920 |
|
| жалпы |
| 13920 | 13920 |
|
3. Жогорудагы акча каражатын 2025-жылдын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |