Загрузка документа…
|
| |
|
| Тиркеме 1 (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 05/2-17/39 буйругуна) |
Балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү жана
суу объектилерин балык чарбалык мелиорациялоо
боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү жана суу объектилерин балык чарбалык мелиорациялоо боюнча иштерди жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана балык чарба көлмөлөрүндөсуу объектилеринин балык өндүрүмдүүлүгүн туруктуу жогорулатууга, баалуу өндүрүштүк жана эндемикалык түрдөгү балыктардын жана башка суу биоресурстарынын табигый урук чачуусун жана өстүрүлүшүн жакшыртууга багытталган иштерди жүргүзүүнүн эрежелерин жөнгө салат.
2. Республикалык маанидеги балык чарба суу объектилериндеги балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү жана балык чарбасын мелиорациялоо суу объектилерин балык чарба максаттары үчүн ижарага пайдалануудан түшкөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Балык чарбасынын субъекттерине бекитилип берилген балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү жана балык чарбалык мелиорациялоо ушул суу объектилерин пайдалануучулардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү жылдык болжол-тапшырмага ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүндө балык чарба мелиорациясы илимий уюмдун биологиялык негиздемесинин жана/же балык чарба корутундусунун негизинде иштелип чыккан балык чарба-мелиорациялык иш пландарынын (мындан ары – Мелиорация планы) негизинде жүргүзүлөт жана алар ыйгарым укуктуу орган тарабынан балык чарба тармагындагы жылдык иш планга киргизилет.
5. Пайдаланууга берилген балык чарбалык суу объектилерин балык чарбалык рекультивациялоо балык чарба субъекттери тарабынан түзүлгөн жана балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган балык мелиорациялоо иштеринин планына ылайык жүргүзүлөт.
6. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) аэрация – бул абаны, кычкылтекти чачуу, аралаштыруу, берүү;
2) биогендик аминдер – суу объектилеринин эвтрофикация процесстерине катышуучу, негизинен азот менен фосфорду камтыган органикалык бирикмелер;
3) биологиялык мелиорация – биологиялык ыкмаларды колдонуу менен балык чарба сууларында чийки зат базасын түзүү үчүн жагымдуу шарттарга жетишүүнү камсыз кылуучу чаралардын комплекси;
4) биологиялык негиздеме – балыктын өнөр жайлык жана (же) баалуу лимиттелген түрлөрүн алуу же кармоо, суу объектилеринен балык алып чыгуунун жол берилген көлөмүн аныктоо же суу биоресурстарынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалына таасир этиши мүмкүн болгон чарбалык жана башка иштер боюнча илимий негизделген корутунду;
5) табигый урук таштоочу жерлерди калыбына келтирүү – мурда жоголгон урук таштоочу жерлерди суу каптоого, алардын ылайлануусун болтурбоого, чөкмөлөрдү тазалоого, балыктардын урук чачуу мезгилинде нормалдуу суунун балансын камсыз кылууга көмөктөшүүчү техникалык чаралардын комплекси;
6) балыкты байырлаштыруу – балыктын айрым түрлөрүнүн особдорун балык уулоо жерлерине чыгарууга багытталган иш;
7) балыктын жана башка суу биологиялык ресурстарынын гибриди – бул ар кандай түрлөрдү аргындаштыруунун натыйжасында алынган тукум;
8) суу объектилерин ылайлануусу – суу ташкын, жамгыр, учурунда дарыялардан агып келген, ошондой эле көп учурда көлмө кыртышынын эрозия процесстери менен байланышкан бөлүкчөлөрдүн жана чөкмөлөрдүн топтолушу;
9) балыктарды суу топтоочу курулмаларга жана ирригациялык тармактарга кирүүдөн коргоо – ар кандай типтеги суу топтоочу курулмаларда жана ирригациялык тутумдарда балык чабактарынын жана чоң балыктардын өлүшүн болтурбоо боюнча долбоордук-техникалык чаралардын тутуму;
10) балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү – балык чарба көлмөлөрүндөгү балык запастарын калыбына келтирүү жана көбөйтүү максатында балыктарды көбөйтүү жана өстүрүү, жашоого жарамдуу стадиясына чейин өстүрүлгөн жаш балыктарды табигый жана жасалма көлмөлөргө коё берү боюнча ишиердүүлүк;
11) лимит – балык запастарынын туруктуу өмүр сүрүшүнжана көбөйүшүн камсыз кылуучу белгилүү бир түрдөгү балыктарды айрым суу объектилеринен жана белгилүү бир мөөнөттө кармоонун жол берилген максималдуу көлөмү;
12) капиталдык мелиорация – узак мөөнөттүү оң таасирди камсыз кылуучу техникалык жана биологиялык иш-чаралардын же алардын айрым түрлөрүнүн комплекси (климатташтыруу, балык менен камсыз кылуу, дарыяларды тереңдетүү);
13) квота – балык уулоочу ар бир субъект үчүн белгиленген суу объектилеринде жана суу объектисинин участокторунда балык кармоо лимитинин бир бөлүгү;
14) жайлоочу көлмө – көлмөлөрдүн топурагынын асылдуулугун жакшыртуу жана алардын балык продуктуулугун жогорулатуу, ошондой эле балыктын жана башка өндүрүш гидробионтторунун инвазиялык жана жугуштуу ооруларынын козгогучтарын жок кылуу үчүн балык чарба көлмөлөрүндө мезгил-мезгили менен жүргүзүлүүчү балык өстүрүү, мелиоративдик жана ветеринардык-санитардык иш-чаралардын комплекси;
15) аквакультура объекти – өстүрүү, багуу же кароо объекттери болуп саналган балык түрлөрү, породалары жана гибриддери, суу биоресурстары;
16) икранынын уруктанышы - овуляцияланган, нормалдуу өткөн икра;
17) чыпкалоочу балык уулоочу шайман – ал ар түрдүү балык уулоочу шайман, ал балык уулоочу шаймандын белгилүү бир участкасын, мындайча айтканда, “кармоо аракетинин зонасы", анда балык уулоочу шаймандан сууну чыпкалоо аркылуу кармалат. Аларга жайылуучу жана ташталуучу торлор кирет;
18) суу объектилерин пайдалануучулар – аквакультура жана балык чарбасы максаттары үчүн белгиленген тартипте айрым суу объектилери жана балык уулоо аймактары бекитилип берилген балык заводдору, балык чарбалары, балык чарбаларынын бирикмелери, коомдук бирикмелер жана балык чарба тармагынын башка субъекттери.
19) поликультура — балык чарбасында балыктын бир нече түрүн жана породасын өстүрүү;
20) көлмөлөрдү мелиорациялоо — көлмөлөрдүн абалын жакшыртууга, алардын балык продуктуулугун жана өстүрүлгөн балыктардын табигый көбөйүшү үчүн шарттарды жогорулатууга багытталган иш крмплекси;
21) өндүргүч балыктар – уруктанууга жетилген балык особдору;
22) жумушчу төл – балык чарбанын шартында ушул жылы ургаачы балык таштаган же жасалма уруктандыруу үчүн урагаачы балыктан алынган жетилген икра саны, ал икранын көлөмү жана салмагы боюнча эсептөө ыкмасы менен белгиленет.
23) балык чарбалык мелиорациялоо – бул суу объектилеринин балык продуктуулугун жогорулатууга, балык запастарын табигый урук чачуу жана семиртүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган иштердин комплекси;
24) суу объектисинин балык продуктуулугу – кг/га менен эсептелген бир гектар акваториядан бир вегетация мезгилинде балык массасынын өсүшү;
25) балык чарба продукциясы (балык өстүрүүчү материал) – бул балыкты андан ары өстүрүү жана товардык балык өндүрүү, суу объектисинин балык продуктуулугун жогорулатуу максатында суу объектилерине байырлатууга арналган белгилүү бир жаш категориясындагы балыктар (личинкалар, чабактар, жайкы чабактар, ж.б.);
27) балык өстүрүүчү завод – балык өстүрүүчү материалды өндүрүү боюнча толук эмес технологиялык цикли бар балык чарбасы;
28) балык чарба субъекти – белгиленген тартипте пайдаланууга берилген суу объекттеринде же балык уулоо участкаларында балык өстүрүү, балык уулоо жана балык запастарын көбөйтүү жаатында балык чарба ишин жүзөгө ашыруучу жеке (жеке ишкерлер) жана юридикалык жактар, анын ичинде коомдук бирикмелер;
29) коюлуучу торлор — бул балыктын жолуна белгилүү бир тартипте орнотулган, тордон өтүүгө аракет кылганда чырмалышып калган балык кармоочу шайман;
30) учурдагы мелиорация – кыска мөөнөттүү оң натыйжага алып келүүчү ыкчам мүнөздөгү техникалык жана биологиялык иш-чаралардын комплекси (чабаты куткаруу, суу объекттерин чөгүп кеткен торлордон тазалоо);
31) фитопланктон – бул планктондун бир бөлүгү: суу тилкесинде жашоочу фотосинтетикалык бир клеткалуу балырлар.
2-глава Балык запастарын жасалма жол менен
көбөйтүү боюнча иштерди уюштуруунун жана
жүргүзүүнүн тартиби
7. Балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү илимий уюмдардын же балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ихтиолог адистеринин сунуштарынын негизинде түзүлүүчү болжол-тапшырмага ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) өндүргүч балыктарды кармоо;
2) инкубациялоо үчүн икраларды чогултуу, даярдоо жана таштоо;
3) балык чабактарын өстүрүү;
4) балык чарба суу суу объектилерине балык чабактарын чыгаруу.
8. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү боюнча иштер пландаштырылган жылдын алдында 30-декабрга чейин болжол-тапшырманы бекитет.
9. Болжол- тапшырмада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ветеринардык-санитардык нормаларга жана талаптарга жооп берген, инкраларды инкубациялоо жана личинкаларды жана балык чабактарын өстүрүүчү инкубациялык цехтери бар балык заводдорун, балык инкубаторлорун жана балык өстүрүү субъекттерин көрсөтүү менен алардын түрлөрү боюнча өнөр жайлык балык жана эндемикалык балыктарды инкубациялоо үчүн икра таштоонун көлөмү жана мөөнөтү;
2) жасалма көбөйтүү объектилери болуп саналган балык чабактарын, балык түрлөрүн чыгаруунун көлөмү жана мөөнөтү, суу объектилеринин аталышы, балыктын тукумун көбөйтүүчү материалды чыгаруучу субъекттердин аталышы;
3) балык чабактарын багуу стадиясы жана суу объектилерине кое берүү учурундагы балык түрлөрү боюнча орточо даана салмагын;
4) көбөйтүү иш-чараларынын түрлөрү (өндүргүч балыктарды кармоо, икраларды чогултуу жана даярдоо, икраларды инкубациялоого салуу, личинкаларды жана балык чабактарын өстүрүү).
10. Өндүргүч балыктарды кармоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн алдында балыктын урук чачуу абалын изилдөө, жыныстык жетилүү стадиясын белгилөө жана балыктын урук чачууга массалык миграциясынын башталышынын мөөнөттөрүн аныктоо боюнча илимий ихтиологиялык же балык чарбалык изилдөөлөр жүргүзүлөт.
11. Илимий уюм же балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ихтиолог-адистери жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча тиешелүүлүгүнө жараша балыктын урук чачып баштаган мөөнөтүн жана балыктын жыныстык жетилүү стадиясын көрсөтүү менен биологиялык негиздеме же балык чарба корутундусун түзөт.
12. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган өндүргүчтөрдү атайын кармоо боюнча иштерди жүргүзүү тартибине ылайык болжол-тапшырмага кирген балык чарба субъекттери менен жыл сайын балык уулоо жана эсепке алуу документтерин берип, балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү боюнча иштерге катышууга укук берүү жөнүндө келишим түзөт.
13. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган буйрук менен балык запастарын жасалма көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүүгө даярдыгын текшерүү үчүн балык заводдорун, балык питомниктерин, балык чарба субъекттерин текшерүү үчүн комиссияны (мындан ары – Комиссия) түзөт, ал балык запастарын жасалма көбөйтүү боюнча өнөктүк башталганга чейин 15 күн калганда бул объекттерге барышат.
14. Өндүргүчтөрдү атайын кармоо балык оорулары жок суу объектилеринде жана бекитилген ветеринардык-санитардык жана балык чарбалык-биологиялык нормаларга жана талаптарга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
15. Өндүргүч балыктарды торлор менен кармоодо балыктын башка түрлөрү кармалып өлүп калса, алар ветеринардык кызматтын өкүлдөрүнүн катышуусунда белгиленген үлгүдөгү жок кылуу актысын түзүү менен жок кылынууга жатат.
Тор, трал сыяктуу ж.б. чыпкалап балык уулоо шаймандарын колдонуу учурунда уулоо шаймандарына, жок кылууга жаткан керексиз балыктардан, өзгөчө икра жегичтерден тышкары, башка баалуу жана эднемикалык балык түрлөрү түшүп калган убакта, алар кайрадан табигый байырлоо чөйрөсүнө кое берилет.
16. Табигый суу сактагычтардан алынган өндүргүч балыктар алдын ала иштетилген өзүнчө идиштерге, бассейндерге, көлмөлөргө салынат. Журналда аларды багуу шарттары (температура, кычкылтектин курамы, рН), сырткы көрсөткүчтөрү, ургаачылардын жеке жана жумушчу тукумдуулугу, алынган овуляцияланган жана уруктанган икралардын саны жазылат, уруктануунун пайызы акыркы эки маалыматтын негизинде белгиленет.
17. Алардан икра алынып, журналга катталгандан кийин ветеринардык жана коштоочу документтери болгондо балык сатууга уруксат берилет. Эгерде жараксыздыгы аныкталса, ага бузуу актысы түзүлүп, жок кылынууга жатат. Өндүргүчтөрдөн икра алардын тирүү кезинде алынганда, алар табигый чөйрөгө коё берилет.
18. Бир балык чарба субъекттеринен уруктанган икраларды, личинкаларды жана балык чабактарын башка субъекттерге берүүгө балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана ветеринария кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларын түзүү менен гана жол берилет.
19. Балык чарба субъекттери тарабынан балык чабактарын суу объектилерине кое берүү балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен бекитилген жана макулдашылган балык чарба продукциясын эсепке алууну жана чыгарууну жүргүзүүнүн тартибине ылайык суу объектилерин балыктандыруу графиктеринин негизинде жүзөгө ашырылат жана комиссия мүчөлөрүнүн, балык чарбасын коргоо органдарынын, ветеринардык кызматтын жана курчап турган чөйрөнү коргоону жана экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин катышуусунда жүргүзүлөт.
20. Суу объектилеринин коё берилген жерлерине ташуунун алдында балык чабактары ветеринардык-санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык ветеринардык кызматтын өкүлдөрүнүн катышуусунда акт түзүү менен карантинге алынат, жаш балыктардын саны, орточо жана жалпы салмагы жана бара турган жери көрсөтүлгөн накладной таризделет.
21. Ар бир тирүү балыкты ташуу үчүн атайын жабдылган автомашинага жүктөө суу объектилерин балыктандыруу комиссиянын жетекчилиги астында жүргүзүлөт.
Балык чабактарын ташууда балык өстүрүү биологиялык ченемдерге ылайык балык чабактарынын жоготуусуна жол берилет.
22. Табигый суу объектисин же суу сактагычты балыктандырууда балык чабактарын кое берүүгө жана транспорт каражатын сууга жакындатууга ылайыктуу жер алдын ала тандалып алынат. Балыктандырлып жаткан суу объектисинин абасынын жана суунун температурасы эске алынат.
23. Балык чабактарын коё берүүнүн жана суу объектилерин балыктандыруунун натыйжалары боюнча бир нече нускада балыктарды кое берүү актысы түзүлөт, алардын бири балык чабактарын кое берүүчү балык чарбасында калат, экинчиси балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, калган нускалары же алардын көчүрмөлөрү балыктарды кое берүүгө катышкан башка кызыкдар тараптарга берилет.
24. Каттоо журналына киргизилбеген балыктар же икрасы алынбаган балыктар, ошондой эле белгиленген тартипте катталбаган жана тиешелүү коштоочу документтер (сертификаттар жана эсеп-фактуралар) таризделбестен икралар балык чарбасын коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан акысыз алып коюуга жатат.
25. Балык запастарын жасалма жол менен өндүрүү боюнча болжол-тапшырманы өзүнө караштуу себептер боюнча аткарбаган жана/же аткарылган иштер жөнүндө отчетту өз убагында бербеген балык чарба субъекттерине келечекте балык запастарын көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүүгө жол берилбейт.
3-глава. Балык чарбасын мелиорациялоо боюнча
иштерди уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби
26. Балык чарбасынын мелиорациясы балыктын баалуу товардык жана эндемикалык түрлөрүн табигый көбөйтүү жана бордоп семиртүү үчүн шарттарды жакшыртууга, ошондой эле суу объектилеринин балык продуктуулугун жогорулатууга багытталган.
27. Мүнөзүнө, узактыгына жана чыгымдарына жараша балык чарбалык мелиорация учурдагы жана капиталдык (же негизги) мелиорацияга бөлүнөт.
28. Балык чарбалык рекультивациялоонун демилгечилери болуп балык чарба суу объектиси жайгашкан суу объектилерин пайдалануучулар, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана ага караштуу түзүмдүк бөлүмдөр, илимий уюмдар, балык чарба бирикмелери жана аларга бекитилген суу объекттеринде жана балык уулоо участкаларында аквакультура жана балык чарбасы менен алектенген коомдук бирикмелер саналат.
29. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана анын ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрү республикалык маанидеги балык чарба суу объектилеринде капиталдык мелиорация жана башка балык өстүрүү жана мелиорациялоо иш-чараларын жүргүзүүгө ири финансылык чыгымдарды талап кылган, мыйзамда белгиленген тартипте инвестициялык, гранттык, гуманитардык жана техникалык жардамдарды тартууга укуктуу.
30. Суу объектилеринин режимин, жашоо чөйрөсүн, суу организмдеринин түр курамын түп-тамырынан бери өзгөртүүгө алып келүүчү, узак убакыт аралыгында таасирин тийгизүүчү жана ири финансылык чыгымдарды талап кылган капиталдык мелиорацияны жүргүзүү илимий уюмдун биологиялык негиздемесинин негизинде эл аралык жана коомдук уюмдардын гранттарынын, гуманитардык жана техникалык жардамдардын, ошондой эле балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү жылга бекитилген бюджетинин чегинде суу объектилерин ижарага алуудан жана башка каражаттардын эсебинен алынган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
31. Капиталдык мелиорация төмөнкүдөй негизги иш-чараларды камтыйт: суу организмдерин суу менен камсыз кылуу жана жашоо шарттарын жакшыртуу, урук таштоочу жайлардын булганышына, эвтрофикациясына, сазга айлануусуна, шорлануусуна жана ылайланышына каршы күрөшүү, жайкы жана кышкы балыктардын кырылышына жол бербөө, табигый урук таштоочу жайларды калыбына келтирүү жана жасалма урук таштоочу жайларды орнотуу, обочолонгон суу объектилеринен балыктарды куткаруу, тереңдетүү жана балыктардын уюлдуктоочу жайларга жана азыктандыруучу жайларга өтүшүн камсыз кылуучу башка иштер, балыктарды коргоо каражаттарын куруу жана/же реконструкциялоо балык чарбаларынын жана суу сактагычтарынын түбүн тазалоо, балык чабактарын суу алуучу курулмаларга жана ирригациялык тармактарга, балык өткөөлдөрүнө жана ГЭСтердин урук таштоочу каналдарына жана башкаларга түшүшүнө жол бербөө жана балык кармоонун натыйжалуулугун жогорулатуу.
32. Республикалык маанидеги балык чарба суу объектилерин капиталдык мелиорациялоону ишке ашыруу илимий уюмдун, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, коомдук уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана балык чарба жана биологиялык эксперттик кеңеш (мындан ары – эксперттик кеңеш) тарабынан каралат агро өнөр жай комплекси, балык чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо, ветеринария, суу ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган балык чарба жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын демилгеси боюнча ишке ашырылат.
33. Эксперттик кеңештин чечими балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жылдык иш планына балык чарба көлмөсүн капиталдык мелиорациялоону ишке ашырууну киргизүү үчүн негиз болуп саналат.
34. Капиталдык мелиорацияны жүргүзүү үчүн биологиялык жана техникалык-экономикалык негиздемелердин негизинде иш-чараларды ишке ашыруу планы түзүлөт. Биологиялык жана зарыл болгон учурда техникалык-экономикалык негиздемелер мамлекеттик, муниципалдык, балык чарба жана коомдук уюмдардын өтүнүчү боюнча илимий, долбоорлоо жана башка уюмдар тарабынан даярдалат.
35. Капиталдык мелиорация планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) арыз берүүчү жөнүндө маалымат;
2) балык чарба суу объектиси жөнүндө маалымат;
3) төмөнкүлөрдү камтыган биологиялык негиздеме:
– иш-чаралардын максаты жана милдеттери, анын ичинде учурдагы көйгөйгө жана алардын биоэкологиялык максатка ылайыктуулугуна талдоо жүргүзүү;
– күтүлүүчү натыйжалар;
– иш-чаралардын көлөмү жана мөөнөттөрү;
4) каржылоо булактары;
5) мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу.
36. Жүргүзүлүп жаткан мелиорациянын зарыл көлөмү илимий уюмдардын сунуштарына ылайык аныкталат, анын негизинде мелиорациялоо планы түзүлөт. Ушул тартиптеги учурдагы мелиорация иш-чаралары төмөнкүлөрдү камтыйт.
1) аз баалуу жана жырткыч балык түрлөрүн кармоо (4-глава);
2) балыктын сүзүп өтүүчү жана жарым-жартылай сүзүп өтүүчү түрлөрүнө, миграциялануучу балык чабактарга жана балык урук таштоочу жайларга дарыялардын нугундагы миграциялык жолдорду тазалоо (5-глава);
3) балык чарба сууларынын суу объектилерин жана балык уулоочу участкаларын ташталган жана кароосуз калган торлордон тазалоо (5-глава);
4) өсүмдүктүн ашыкча өсүшүнө каршы күрөшүү (6-глава);
5) урук таштоочу жерлерди ылай басып калуу (6-глава).
37. Балык чарба суу объектилеринде учурдагы рекультивациялоо иштери балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган рекультивациялоо планына ылайык суу объектилерин пайдалануучулар тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш.
4-глава Балыктын аз баалуу зыянкеч жана жырткыч
түрлөрүн мелиорациялоо жана балык уулоо
аймактарын тазалоо тартиби
38. Балыктын аз баалуу, зыянкеч жана жырткыч түрлөрүн мелиоративдик кармоо эндемикалык жана баалуу өнөр жайлык балык түрлөрүнүн табигый көбөйүшү үчүн оптималдуу шарттарды камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт, ошондой эле суу объекттерин балык чарбалык пайдаланууну жакшыртуу, алардын ихтиофаунасын коммерциялык жактан аз баалуу балыктарды кармоо жана аны бир кыйла баалуу товардык балыктар менен алмаштыруу аркылуу өзгөртүү.
39. Эндемикалык ихтиофаунасы бар суу объектилерине кокустан акклиматизацияланган объектилер катары аз баалуу, зыянкеч, өзгөчө икра жегич балыктар (мындан ары - аз баалуу балык түрлөрү) жана жырткыч балык түрлөрү эндемикалык жана баалуу товардык балык түрлөрүнүн азык-түлүк атаандаштары болуп саналат, эндемикалык жана баалуу товардык балык түрлөрүнүн икраларын, личинкаларын жок кылат, ооруларды алып жүрүүчүлөр болуп саналат, алар суу объектилеринин ихтиофаунасынын абалын жакшыртуу максатында мелиоративдик (селективдик) кармоо жолу менен суу объектилеринен чыгарылууга тийиш.
40. Мамлекеттик маанидеги балык чарба сууларында жашоочу аз баалуу балык түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
– Ысык-Көл: тибет голеци, боз голеци, ысык-көл гольяны, пескарь, карась, элеотрис, гольян;
– Соң-Көл: тибет голеци, гольян;
– Токтогул суу сактагычы: голец, карась, амур чебачеги, быстрянка;
– Орто-Токой суу сактагычы: голец, гольян, амур чебачеги, элеотрис.быстрянка;
Жырткыч балык түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
– Ысык-Көлдө жашоочу судак;
– балык чарбалык суу объекттеринин экосистемасына таандык эмес аквакультура түрлөрү: кубулжума форель, осетр (жана алардын гибриддери), сом жана башкалар.
41. Республикалык маанидеги балык чарба сууларындагы жана алардын балык уулоочу жерлериндеги аз баалуу жана/же жырткыч балык түрлөрүн мелиоративдик уулоо (мындан ары – мелиоративдик уулоо) бул түрлөр үчүн урук чачууга чейинки жана урук чачуу мезгилинде балык чарба субъекттери тарабынан балык чарбалык- мелиоративдик иш планына (мындан ары – Мелиорация планына) ылайык жүргүзүлөт, илимий уюмдун биологиялык негиздемесинин же балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык чарбалык- биологиялык негиздемесинин жана Болжолдуу планга киргизүүнүн негизинде түзүлөт.
42. Мелиорация планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын максаты жана милдеттери;
2) балык чарба субъекти же суу объектисин пайдалануучу жөнүндө маалымат;
3) балык чарба суу объектиси же анын участкалары жөнүндө маалыматтар;
4) илимий уюмдун биологиялык негиздемесинен же балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык чарба-биологиялык негиздемесинен сунуштамалар;
5) мелиоративдик кармоонун көлөмүн жана мөөнөтүн жана алынууга тийиш болгон балык түрлөрүн;
6) балык уулоо шайманы жана алып салуу ыкмалары.
43. Аз баалуу жана жырткыч балыктарды мелиорациялоо үчүн балык уулоо документтерин берүү балык чарба субъекттери берген арыздарынын негизинде балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Арызга тиркелет:
– сууну же анын участкасын пайдаланууга уруксат берүүчү келишимдин көчүрмөсү же арыз ээсинин атынан иш алып баруучу жактын ыйгарым укуктарын ырастоочу документ;
– мелиорация планы;
– илимий уюмдун биологиялык негиздемеси же балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык чарбалык-биологиялык негиздемеси.
44. Балык чарба субъекттери балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын иш планына киргизүү үчүн жыл аягына чейин бир айдан кечиктирбестен республикалык маанидеги балык чарба сууларында мелиорациялык балык уулоо жүргүзүүгө арызды балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга беришет.
Суу пайдалануучулар арызды мелиоративдик балык улоону жүргүзүү белгиленген мөөнөткө чейин бир айдан кечиктирбестен берет.
Баш тартуу учурунда ыйгарым укуктуу балык чарба органы суроо-талапты жазуу жүзүндө билдирет.
45. Мелиоративдик балык уулоону жүргүзүүдөн баш тартууга негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
– арызда туура эмес көрсөтүлгөн маалыматтар;
– балык чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген мелиорация планынын жоктугу жана анын Болжолдуу планда жок болушу.
46. Балыктын аз баалуу түрлөрүн кармоонун көлөмү белгиленбейт; жырткыч балык түрлөрүн кармоонун ченемдери илимий уюмдардын сунуштамаларынын же балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын корутундусунун негизинде аныкталат жана мелиориотивдик балык уулоо үчүн балык уулоо документтеринде көрсөтүлөт.
47. Суу объектилеринде жана балык уулоо аймактарында биологиялык мелиорацияны жүргүзүүдө балыктын аз баалуу жана жырткыч түрлөрүн суу объектилеринен алып чыгуунун ар бир учуру үчүн балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген форма боюнча тиешелүү актылар түзүлөт.
48. Кокусунан торго же башка балык кармоочу шаймандарына түшүп калган балыктын эндемикалык, товардык жана баалуу өнөр жайлык түрлөрү суу объектисине тирүүлөй кайра кое берилет. Эгерде алар өлүп калса, алар аз баалуу түрлөр сыяктуу эле жок кылынат, жок кылуу жөнүндө протоколдор белгиленген форматта түзүлөт.
49. Мелиоративдик балык уулоодо кармалган тирүү жырткыч балык (же чийки балык) балык заводдоруна, балык кабыл алуу пункттарына, ал эми алар жок болгон учурда
– ветеринардык-санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык, сатуудан алынган акча каражаттарын республикалык бюджеттин кирешесине которуу менен соода уюмдарына жеткирилет, ал эми аз баалуу балык түрлөрү белгиленген формадагы жок кылуу актысы боюнча жок кылынууга тийиш.
50. Жогоруда көрсөтүлгөн иштерди жүргүзгөн балык чарба субъекттери пландаштырылган мелиоративдик жумуштар аяктагандан кийин он күндүк мөөнөттө балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга каттоо журналдарын, балык кармоо протоколдорун, жок кылуу актыларын, ветеринардык коштоочу документтердин көчүрмөлөрүн, эсеп-фактуралардын көчүрмөлөрүн ж.б. тиркөө менен аткарылган иштердин натыйжалары жөнүндө отчет берет.
5-глава. Дарыялардын нугун, балык урук таштоочу
жайларды жана сууларды балык уулоочу аймактарда
кароосуз калган торлордон тазалоо
51. Сүзүп өтүүчү жана жарым жартылай сүзүп өтүүчү балык түрлөрү урук чачууну жүзөгө ашыруу үчүн дарыя нугундагы миграциялык жолдорду тазалоо сууну коргоо же экологиялык реабилитациялоо дегенди билдирет.
52. Миграция жолдорун тазалоо дарыя нугунан дарыяны булгаган бактардын-бадалдардын калдыктарын жана башка объекттерди механикалык түрдө алып салуу менен чектелет.
53. Эгерде балык урук таштоочу жерлер ылайланса, ылайдан жана калдыктардан механикалык тазалоо жүргүзүлөт, урук чачуучу субстрат жумшартылат. Зарыл болгон учурда илимий уюмдардын сунуштарына ылайык жасалма урук таштоочу жерлер түзүлөт.
54. Сүзүп өтүүчү балык түрлөрүнүн миграциялык жолдорун сактоо үчүн лосось урук чачуучу дарыялардын боюндагы токойлорду кыюуга тыюу салынат. Эгерде дарыянын суу топтоочу зонасында токой жок болсо, токой коргоочу тилкелер түзүлүүгө тийиш. Ошондой эле өндүрүш жана башка калдыктардын түрлөрү менен булгоого тыюу салынат.
55. Балык чарбалык аймактарды суу объектилерин жана балык уулоочу аймактарды ташталгна торлордон тазалоо боюнча иштер суу объектилеринин жана балыктардын жашоо чөйрөсүнүн абалын, балык запастарынын табигый көбөйүшү үчүн шарттарды жакшыртууга, балыктардын миграциясына жана урук чачуусуна тоскоолдуктарды жоюуга жана суу объекттеринин балык продуктуулугун жогорулатууга багытталган.
56. Ташталган балык уулоочу торлор суу объектисинин экосистемасына олуттуу зыян келтирет. Убакыттын өтүшү менен алар түбүнө түшүп, ылайга батып, балыктардын урук таштоо жолдорун жаап коюшат. Ташталган торлордо балыктар гана эмес, башка сууда сүзүүчү канаттуулар да чырмалып калышы мүмкүн. Торго түшкөн балык өлүп, акырындык менен чирип, 50 метрге чейинки радиуста сууну булгайт.
57. Республикалык маанидеги балык чарбалык сууларды эски жана чөгүп кеткен торлордон тазалоо боюнча иштерди уюштуруу балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган суу обьектилерин кароосуз калган, ээси жок торлордон тазалоо боюнча иш пландарына ылайык.курчап турган чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар жана аларга бөлүнгөн суу объекттеринде же суу объектилеринин участокторунда балык чарба субъектилери тарабынан ишке ашырылат.
58. Суу объектилерин ташталган, эскирген жана чөгүп кеткен торлордон тазалоо боюнча иштерди жүргүзүүдө суу объектисинин акваториясына ар кандай балык кармоочу торлорду ташып келүүгө, даярдоого, сактоого, пайдаланууга же орнотууга тыюу салынат.
59. Суу объекттерин торлордон тазалоо боюнча пландаштырылган иштер аяктагандан кийин жогоруда көрсөтүлгөн иштерди жүргүзгөн балык чарба субъекттери он күндүн ичинде аткарылган иштердин натыйжалары жөнүндө маалыматты балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.
60. Экологиялык рейддердин жүрүшүндө алынган ташталган, ээси жок синтетикалык балык уулоо торлору жана электр балык уулоо тутумдары, анын ичинде экологиялык рейддердин жүрүшүндө алынган браконьердик торлор өткөрүп берүү актысы боюнча жок кылуу үчүн айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга комиссиялык түрдө берилүүгө тийиш.
6-глава Көлмөлөрдү рекультивациялоо тартиби
61. Балык көлмөлөрүн рекультивациялоо ушул тартипте төмөнкү негизги иш-чараларды камтыйт:
1) өсүмдүктөрдүн ашыкча өсүүсү менен күрөшүү;
2) ылайланууну менен күрөшүү;
3) суунун сапатын жакшыртуу;
4) көлмөнү жайында кургатып, санитардык тазалоо жүргүзүү;
5) жер семирткичтерди чачуу.
62. Көлмөлөрдү мелирациялоо боюнча иштер балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган суу объектилерин балык чарбалык мелирациялоо пландарына ылайык ишкананын өздүк финансылык чыгымдарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Өсүмдүктөрдүн ашыкча өсүүсү менен күрөшүүнүн төмөнкү ыкмалар бар:
1) химиялык ыкма – пестициддерди колдонуу;
2) биологиялык ыкма – ак амур менен балыктандыруу;
3) механикалык ыкма – өсүмдүктөрдү чабуу.
63. Көлмө чарбасында акыркы эки ыкма эң ылайыктуу. Суу үстүндөгү катуу чөптөр (камыш, рогоз, тростник) камыш чапкыч чалгы менен чабылат. Суу астындагы жумшак өсүмдүктөр маланын жардамы жок кылынат.
64. Өсүмдүктөрдүн ашыкча өсүүсү менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу чарасы биологиялык мелиорация болуп саналат, ал суу өсүмдүктөрүн азык катары пайдаланган ак амур менен балыктандырууну карайт. Суу объектисин ак амурдун чабагы менен балыктандыруу тыгыздыгы суу өсүмдүктөрүнүн биомассасы, анын түрдүк курамы жана тоют коэффициентинин кабыл алынуучу маалыматтарынын негизинде аныкталат.
65. Ылайлануу – бул жазгы сел, нөшөр, жамгыр учурунда суу объектисине суунун агып киришинин натыйжасында келген бөлүкчөлөрдүн чөгүшү.
Ылай менен күрөшүүнүн төмөнкүдөй ыкмалары бар:
1) кол менен;
2) атайын дренаждык насосторду колдонуу;
3) адистештирилген механиканы колдонуу;
4) земснаряддарды колдонуу менен гидромеханикалаштыруу ж.б.
66. Аэрация аркылуу суу чөйрөсүнүн сапатын жакшыртуу. Сууну аэрациялоо – бул чачуу, аралаштыруу, абаны, кычкылтекти берүү. 30-50 ц/га түшүмдүүлүк учурунда көлмөлөр дайыма аэрациялап туруу керек. Түнкүсүн аэратордун минималдуу өндүрүмдүүлүгү чыгуусу кычкылтектин деңгээлин саатына 2 мг/л жогорулатуудан кем болбошу керек.
67. Суу чөйрөсүнүн сапатын акиташтоо жолу менен жакшыртуу (эгер рН 6га чейин төмөндөсө, акилөө зарыл); айлана-чөйрөнүн жана топурактын кычкылдуулугуна жараша 2-40 ц/га акиташ чачуу керек:
рН | Эритилбеген акиташ (ц/га) | Эритилген акиташ (ц/га) | Акиташ (ц/га) |
4,0 | 20 | 26 | 36 |
4,5 | 15 | 19 | 27 |
5,0 | 10 | 13 | 18 |
5,5 | 5 | 7 | 9 |
6,0 | 3 | 4 | 5 |
68. Көлмөнү жайында кургатып, санитардык тазалоо жүргүзүү – бул көлмөнү кышында гана эмес, жайында да пайдалануудан чыгаруу. Көлмөнү жайында кургатып, санитардык тазалоо жүргүзүү мезгилинде көлмөнүн түбү жакшы кургап, ылай тыгыздалат, көлмө балыктын өндүрүмдүулүгүн жогорулатууга көмөктөшүүчү биогендик аминдер менен байылтылат, органикалык заттардын активдуу ажыроосу жана минералдашуусу үчүн шарттар түзүлөт.
69. Көлмөлөрдү ар бир 5-6 жылда 1-2 жыл эс алдыруу сунушталат. Көлмө чарбалар кургатып, санитардык тазалоо жүргүзүү мезгилинде ылайдан бир бөлүгүнөн арылтуу, катуу өсүмдүктөрдү чабуу, акиташ чачуу, көлмөнүн түбүн малмалоо, арыктарды тазалоо, гидротехникалык курулуштарды капиталдык ремонттоо жана башка зарыл мелиоративдик иштерди жүргүзүү керек.
70. Табигый балык чарбасын жогорулатуу үчүн жер семирткичткерди колдонуу.Көлмө чарбаларында органикалык жана минералдык жер семирткичтер колдонулат. Жер семирткичтердин эффективдүүлүгү көптөгөн факторлордон: суу чөйрөсүнүн сапатына, суунун температурасына, чөйрөнүн активдүү реакциясына, газдын курамына, өзгөчө кычкылтек режимине, топурактын курамына жана структурасына, ылай чөкмөлөрүнүн көлөмүнө, суунун агымына, монокультурага же поликультурага, балык менен балыктандыруунун тыгыздыгына, балыктын түрлөрү жана жаш курагына, балыктын азыктандырылышына жана тоют сапатына көз каранды.
71. Жер семирткичтерди колдонуу үчүн төмөнкү формула колдонулат:
A = (K – k) x H x 1000/P,
мында:
А – жер семирткичтердин керектүү дозасы, кг/га;
K – сунушталган аш болумдуу концентрация, мг/л;
k – аш болумдуу заттардын иш жүзүндөгү концентрациясы, мг/л;
Н – көлмөнүн орточо тереңдиги, м;
Р – жер семирткичтин таза заты, %.
72. Жер семирткич суунун температурасы 120°Сге чейин көтөрүлгөндө жана көлмөлөрдү камдоодон 7-10 күн мурун берилет. Жер семирткич 7-15 күндөн кийин көлмөдө азыктандыруучу заттардын, бактериялардын, микробалырлардын болушуна жараша кайталанып чачылат.
7-глава Балык өстүрүү жана мелиорация боюнча
иш-чаралардын аткарылышын контролдоо
73. Капиталдык мелиоративдик иштерди жүргүзүүнүн милдеттүү шарты болуп ихтиологиялык мониторинг жана суу биологиялык ресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө таасирин баалоо саналат.
74. Ихтиологиялык мониторингдин максаты болуп суу организмдерине жүргүзүлгөн иштердин таасирин баалоо, биологиялык объекттер менен иштөөдө технологиялык стандарттардын сакталышын камсыз кылуу жана жүргүзүлгөн иштердин натыйжалуулугун баалоочу маалыматтарды чогултуу саналат.
75. Балык өстүрүү жана мелиорациялоо иш-чараларынын бардык түрлөрү, алар аяктагандан кийин балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан кабыл алынат жана алардын аткарылышынын сапатын жана аткарылган иштердин көлөмүн көрсөтүү менен, белгиленген формада аяктаган мелиорация иштерин кабыл алуу-өткөрүү актылары менен таризделет.
76. Ушул Тартиптин аткарылышын контролдоо балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.