Загрузка документа…
БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги 1 сессиясы
2025-жылдын 24-январы № 6
Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Талас шаардык мэриясынын 2025-жылдын 21-январындагы №01-19/172 сандуу катын, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 22-январындагы №01-17/204 сандуу катын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Жобонун 12-пунктун жетекчиликке алып Беш-Таш айыл аймагынын айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарына мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемесин курууга жер участогу жетишсиз болуп жаткандыгына байланыштуу кошумча жер участогун берүү үчүн Талас шаарынын административдик чегине жанаша жайгашкан Талас районунунБеш-Таш айыл аймагынын административдик чегиндеги “Кара-Дөбө” участогунун №142 чөйрө сызыгынан 0,5 га, №143 чөйрө сызыгынан 0,4 га, №144 чөйрө сызыгынан 0,1 га жалпы аянты 1,0 га жайыт жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт жерлер түрүнөн “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берет.
2. Жогоруда аталган мыйзамга ылайык, которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелүү корутундуларды жана юридикалык иш кагаздарын толуктоо Талас райондук жер комиссиясына сунушту даярдоо Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Шамилге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Сатыбек уулу Максат |