Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 29-январы № 10-Б
Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан финансылык отчеттуулукту даярдоо боюнча жобону бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы №16 “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан финансылык отчеттуулукту даярдоо боюнча жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы:
1) бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяласын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы №8-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугун даярдоо боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары-Борбордук казыналыктын директору У.М.Аманбаевге жүктөлсүн.
5. Бул буйрук, 2028-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан финансылык отчеттуулукту даярдоо боюнча жобонун 14-пунктунан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| А.К. Бакетаев |