Загрузка документа…
Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугун даярдоо боюнча
ЖОБО
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Бул Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан финансылык отчеттуулукту даярдоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттарынын (мындан ары – МБСУФОС) талаптарына, 2014-жылдагы Мамлекеттик финансы статистикасына (мындан ары – МФС) ылайык иштелип чыккан.
Жобо төмөнкүлөрдүн курамын, даярдоо, тапшыруу жана консолидациялоо тартибин жөнгө салат:
- мамлекеттик башкаруу секторунун жалпы багыттагы финансылык отчеттуулугу (мындан ары - финансылык отчеттуулук);
- мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулук.
2. Уюмдар ички колдонуу үчүн бул Жободо каралбаган кошумча отчетторду иштеп чыгууга укуктуу.
3. Ушул Жобонун максаттары үчүн:
- финансылык отчеттуулукту түзүүгө тиешелүү терминдер МБСУФОСтун текстинде колдонулган маанисинде колдонулат;
- мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулукту түзүүгө тиешелүү терминдер бюджеттик укук маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын учурда иштеп жаткан мыйзамдарында колдонулган мааниде пайдаланылат.
2-бөлүм. Отчетторду даярдоого жалпы талаптар
4. Отчеттуулуктун ар бир формасы отчет берүүчү бюджеттик уюм, отчеттун аталышы, отчеттуулуктун валютасы, отчеттук мезгил жөнүндө маалыматты камтыйт.
5. “Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп” (мындан ары - ББЭ) автоматташтырылган маалыматтык системасында бухгалтердик регистрлердеги маалыматтардын туура чагылдырылышы үчүн жоопкерчилик уюмдун бухгалтердик эсептерин жүргүзүүгө (башталгыч документтерди каттоо, бухгалтердик эсептердин регистрлерин жүргүзүү) жооптуу адамдарга жүктөлөт.
6. Уюмдун жетекчиси жана башкы бухгалтери ББЭде түзүлгөн отчеттогу маалыматтардын тууралыгы үчүн жооп берет.
7. Уюмдарды кайра уюштурууда (бириктирүүдө, кошууда, бөлүүдө, бөлүп чыгарууда, өзгөртүп түзүүдө) өткөрүп берүү актысынын же бөлүү балансынын курамына акыркы отчеттук датага жылдык отчеттун көлөмүндө түзүлгөн отчет киргизилет жана уюмдун мурдагы караштуулугу боюнча да, ошондой эле жаңы караштуулугу боюнча да берилет. Финансылык отчеттуулукка отчеттордун айрым беренелеринин аныктыгын тастыктаган мүлктү жана милдеттенмелерди инвентаризациялоо актылары тиркелүүгө тийиш. Консолидациялоодо уюмдун жаңы караштуулугу боюнча отчеттуулугу киргизилет.
8. Каржылоосу бюджеттин бир деңгээлинен экинчи деңгээлине өткөрүлүп берилген же бир баш ийүүдөн экинчисине өткөрүлүп берилген уюмдар өткөрүп берүү же жоюу күнүнө карата отчеттуулуктун формаларынын көлөмүндө отчеттуулукту түзүшөт жана аны мурдагы, ошондой эле жаңы караштуулугу боюнча министрликке же ведомствого беришет. Консолидациялоодо уюмдардын жаңы караштуулугу боюнча отчеттуулугу киргизилет.
9. Отчеттуулук Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматты коргоону милдеттүү камсыздоо менен ББЭде электрондук документ түрүндө түзүлөт.
10. Отчеттук мезгил 1-январдан тартып 31-декабрды кошо алгандагы календардык жыл болуп эсептелет. Жаңы түзүлгөн уюмдар үчүн биринчи отчеттук жыл Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алар катталган күндөн тартып алар түзүлгөн жылдын 31-декабрына чейинки мезгил болуп эсептелет.
11. Отчет берүүчү уюмдардын отчет берүү мөөнөттөрү Финансы министрлиги тарабынан бекитилет.
12. Мезгилдүү негизде Финансы министрлиги отчет берүүнүн бекитилген графигин отчет берүүчү уюмдарга (анын ичинде Финансы министрлигинин тиешелүү бөлүмдөрүнө) билдирет.
13. Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту даярдоонун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берүүнүн мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
3-бөлүм. Финансылык отчеттуулук
1-глава. Финансылык отчеттуулуктун компоненттери
14. МБСУФОСна ылайык финансылык отчеттуулук өзүнө төмөнкү компоненттерди камтыйт:
а) Өздүк отчеттор:
- “Финансылык абал жөнүндө отчет” 1-форма, (1-тиркеме);
- “Финансылык натыйжалар жөнүндө отчет” 2-форма, (2-тиркеме);
- “Таза активдердеги өзгөрүүлөр жөнүндө отчет” 3-форма, (3-тиркеме);
- “Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет” 4-форма, (4-тиркеме);
б) Финансылык отчеттуулукка карата эскертүүлөр.
2-глава. Финансылык отчеттуулукту даярдоо тартиби
15. Уюмдар ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн финансылык отчеттуулуктун бардык компоненттерин мезгилдүү негизде каржылоо булактары боюнча, сом менен түзүшөт.
16. Уюмдардын финансылык отчеттуулугу тастыктоочу документтер менен ырасталган бухгалтердик жазуулардын негизинде түзүлөт. Финансылык отчеттуулук түзүлгөнгө чейин аналитикалык эсептер боюнча жүгүртүүлөрдү жана калдыктарды синтетикалык эсепке алуу эсептери боюнча жүгүртүүлөр жана калдыктар менен салыштырып текшерүү, дебиторлор, кредиторлор жана башка милдеттенмелер боюнча эсептешүүлөрдү салыштыруу жүргүзүлөт.
17. Финансылык отчеттуулук отчеттук мезгилге тиешелүү бардык операцияларды жана окуяларды эске алуу менен, анын ичинде эгерде мындай түзөтүүлөр финансылык отчетту даярдоо эрежелерине каршы келбесе, кийинки түзөтүүчү окуяларды эске алуу менен түзүлөт.
18. Финансылык отчеттун маалыматтары инвентаризациянын маалыматтарына негизделет. Инвентаризациялоодо аныкталган материалдык баалуулуктардын иш жүзүндөгү калдыктары менен бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча калдыктардын ортосундагы айырмачылыктар бухгалтердик эсепте тийиштүү түрдө чагылдырылат.
19. Беренелер, аталыштар, аралык суммалар финансылык отчеттуулукта маалыматты адилеттүү жана көрсөтмө түрдө ачуу үчүн берилет.
20. Өздүк отчеттор отчеттук жана салыштырмалуу мезгил боюнча маалыматтарды камтыйт. Биринчи жолу даярдалган отчеттуулук үчүн салыштырмалуу маалыматтарды берүү талап кылынбайт.
21. Финансылык отчеттуулукта ачыкталган маалыматтарга түшүнүктүүлүк, орундуулук жана ишенимдүүлүк талаптары коюлат. Мамлекеттик финансы жаатында керектүү билим деңгээлине жана тажрыйбага ээ болгон колдонуучулар анын маанисин түшүнө алса, маалымат түшүнүктүү деп эсептелет. Эгерде маалымат өткөн, учурдагы же келечектеги окуяларды баалоодо колдонулса жана өз убагында жана маанилүүлүгүнө жараша болсо, орундуу болуп саналат. Маалымат объективдүү, бейтарап жана толук болгондо ишенимдүү болуп эсептелет.
22. Өздүк отчеттордогу ар бир берене Эскертүүлөрдө камтылган ошол беренелерге тиешелүү болгон бардык маалыматтарга кайчылаш шилтемени камтыйт. Эскертүү колдонуучуларга өздүк отчеттордун мазмунун жакшыраак түшүнүүгө жардам берүү үчүн кеңири комментарийлер менен коштолот.
3-глава. Финансылык отчеттуулукту берүүнүн тартиби
23. Бардык уюмдар, ошондой эле Финансы министрлигинин тиешелүү бөлүмдөрү бекитилген графикке ылайык финансылык отчеттуулукту өз убагында, толук көлөмдө жана талап кылынган форматта берүүгө милдеттүү.
24. Уюмдун жогору турган органдарга жана Финансы министрлигине берилген финансылык отчеттуулугу ББЭде катталат.
4-глава. Финансылык отчеттуулукту консолидациялоо
25. Финансылык отчеттуулукту консолидациялоо мамлекеттик башкаруу секторунун финансылык отчеттуулугун даярдоо максатында уюмдардын финансылык отчетторунда камтылган маалыматтарды бириктирүү процессин билдирет.
26. Финансылык отчеттуулукту консолидациялоо төмөнкүдөй ишке ашырылат:
- бир аталыштагы көрсөткүчтөрдү (беренелерди) суммалоо жолу менен, биргелешкен отчеттуулукту даярдоодо уюмдардын ортосундагы активдердин (финансылык, финансылык эмес) жана милдеттенмелердин кыймылы боюнча өз ара операциялар (ички эсептешүүлөр) алынып салынат. Эскертүүлөр ушул сыяктуу түзүлөт;
- окшош операцияларга жана окуяларга карата бекитилген МБСУФОС колдонулат, эгер бул мүмкүн болбосо, анда бул факт Эскертүүлөрдө ачыкталып көрсөтүлөт.
27. Уюмдардын финансылык отчеттуулугунун маалыматтары бир эле отчеттук датага бириктирилет.
28. Консолидацияланган финансылык отчеттуулукту түзүү жана Финансы министрлигине берүү:
- ведомстволук уюмдар берген финансылык отчеттуулуктун негизинде республикалык бюджетте турган жогору турган органдар тарабынан;
- жергиликтүү бюджеттерде турган уюмдар берген отчеттордун негизинде финансылык органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
29. Финансы министрлигинин ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - ыйгарым укуктуу бөлүм):
- отчет берүүчү мекемелер, финансы органдары, Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү берген финансылык отчеттуулуктун негизинде консолидацияланган финансылык отчеттуулукту түзөт;
- уюмдардын бардык өздүк отчетторунда салыштырма мезгилдин маалыматтарын чагылдыруунун тууралыгын аларды өткөн жылдын финансылык отчеттуулугу менен салыштыруу жолу менен жана беренелер боюнча суммаларды кошуунун арифметикалык жактан тактыгын текшерет. Каталар табылган учурда туура суммалар уюм менен макулдашылат;
- уюмдар тарабынан берилген отчеттордун маалыматтарын казыналыкта болгон ар бир уюм боюнча маалыматтар менен салыштырат. Четтөөлөр болгон учурда туура суммалар уюмдар менен макулдашылат;
- уюмдардин финансылык отчеттуулугун даярдоодо ведомстволук ички операцияларды алып салуунун тууралыгын текшерет.
30. Финансылык отчеттуулукту консолидациялоодо бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү жана Финансы министрлиги:
- финансылык отчеттуулукту берүүчү уюмдардын жана Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн тизмегин аныктайт;
- финансылык отчеттуулукту берүү графигин иштеп чыгат, макулдашат жана анын аткарылышын контролдойт;
- уюмдардан алынган финансылык отчеттуулуктун толуктугун, арифметикалык тактыгын жана карама-каршы маалыматтарды камтыбагандыгын текшерет;
- зарылдык болгон учурда, алгач графикте көрсөтүлбөгөн кошумча маалыматты сурайт;
- отчетторду даярдоодо аларды өз ара жоюу максатында мамлекеттик башкаруу секторунун ичиндеги операциялар жөнүндө маалыматтарды идентификациялайт жана топтойт;
- активдер, милдеттенмелер, ошондой эле чегерилген кирешелер жана чыгашалар боюнча финансылык отчеттуулукту ачыктоодо МБСУФОСту колдонуунун тууралыгын текшерет;
- финансылык отчеттуулуктун ар кандай беренелеринин же акчалай менен акчалай эмес көрсөткүчтөрдүн ортосундагы карама-каршы келбестикке карата өз ара байланыштарын (“байланыштырылышын”) аныктоо үчүн аналитикалык жол-жоболорду жүзөгө ашырат;
- уюмдардан алынган маалыматты бюджеттин аткарылышы боюнча маалыматтар базасы менен салыштырат. Айырмачылыктар болгон учурда уюмдар менен бирге мындай айырмачылыктардын себептерин тактайт;
- консолидацияланган финансылык отчеттуулуктун долбоорун бардык кызыкдар тараптар менен макулдашат жана макулдашылган финансылык отчеттуулукту жетекчиликтин бекитүүсүнө берет;
- мезгилдин башталышындагы акча каражаттарынын калдыктарын мезгилдин аягындагы акча каражаттарынын калдыктары менен мезгил ичиндеги акча каражаттарынын таза өзгөрүүсүн башталышындагы калдыкка кошуу аркылуу макулдашат (башталышындагы калдык + бардык акча түшүүлөрү – бардык төлөмдөр = аягына карата калдык);
- уюмдар тарабынан берилген калдыктар боюнча маалыматтарды коммерциялык банктарда ачылган ар бир банктык эсепке карата банктык көчүрмөлөрдүн маалыматтары менен салыштырат. Четтөөлөр табылганда, банктык көчүрмөлөрдүн маалыматтары артыкчылыкка ээ болот;
- бардык уюмдарга карата финансылык отчеттордун беренелерин ар бир сап боюнча кошууну жүргүзөт. Ведомстволор аралык операциялар менен байланышкан акчалай түшүүлөрдүн жана төлөөлөрдүн суммалары, ошондой эле чегерүүлөр боюнча суммалар алынып салынат;
- өткөн отчеттук мезгилдин бекитилген жалпы багыттагы финансылык отчетторунан салыштырма мезгилдин маалыматтарын көчүрүп алат. Эгерде отчеттук мезгилде өткөн жылдын отчеттуулугуна салыштырмалуу беренелерди классификациялоодо же берүүдө өзгөрүүлөр болсо, салыштырма маалымат тиешелүү түрдө кайра эсептелет, ал эми классификациялоодогу жана беренелерди берүүдөгү өзгөрүүлөрдүн себептери Эскертүүлөрдө баяндалат. Өткөн жылдын финансылык отчеттуулугунан мезгилдин аягына карата акча каражаттарынын калдыктары отчеттук мезгилдин башталышындагы акча каражаттарынын кириш калдыктары менен салыштырылат;
- башка активдердин, башка милдеттенмелердин, башка кирешелердин, башка чыгашалардын, башка түшүүлөрдүн же олуттуу сумма (отчеттук мезгилдеги төлөмдөрдүн жалпы суммасынын 10%дан ашыгы) чагылдырылган башка төлөмдөрдүн беренелерин ушул беренеден өз алдынча линиялык беренени бөлүү же сумманын бир бөлүгүн башка линиялык беренеге кайра классификациялоо зарылдыгына карата талдоо жүргүзөт;
- эмгек үчүн сый акыга байланышкан төлөөлөрдүн беренелерин, Финансылык натыйжалар жөнүндө отчетту жана Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчетту кызматчылардын орточо саны жана кызматчылардын категориялары боюнча орточо эмгек акынын өлчөмү жөнүндө маалыматтар менен карама-каршы келбестигине талдоо жүргүзөт. Эгерде мындай аналитикалык жол-жобону жүргүзүүнүн жүрүшүндө олуттуу четтөөлөр аныкталса, ыйгарым укуктуу бөлүм уюмдардан түшүндүрмөлөрдү берүүнү суранат.
5-глава. Финансылык отчеттуулуктун эскертүүсүндөгү маалыматтарды ачыктап көрсөтүүнүн тартиби
31. Финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрү иреттүү түрдө берилет.
32. Мекемелердин финансылык отчеттуулугунун эскертүүсүндө төмөнкү маалыматтар ачыкталат:
- олуттуу беренелерге, операцияларга жана окуяларга карата активдерди жана милдеттенмелерди алгачкы таанууда, андан ары эсепке алууда жана таанууну токтотууда эсептик ыкмалар, баа берүүлөр жөнүндө маалымат;
- уюмдун толук аталышы, анын юридикалык дареги жана иш жүзүндө жайгашкан жери, жогору турган органдын иш жүзүндөгү жайгашкан жери, отчеттук мезгил ичинде иштеген ведомстволук мекемелердин толук тизмеги, мекеме өз ишин жүзөгө ашырган ченемдик акт (жана анын реквизиттери), отчеттук датага карата мекеменин кызматкерлеринин саны жөнүндө маалымат, реструктуризациялоого карата пландар, каржылоонун бардык булактары, ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жана программалардын кыскача сыпатталышы;
- отчеттук мезгилдин ичинде уюмду, анын ичинде ар бир жоюлуп жаткан уюм боюнча укук мураскорлорун көрсөтүү менен тиешелүү ведомстволук уюмдарды жоюу жана реструктуризациялоо жөнүндө маалымат;
- финансы-кредиттик мекеменин аталышын, эсептин номерин, каржылоо булагын (бюджеттик каражаттар, атайын каражаттар ж.б.), эсептин түрүн (эсептик, депозиттик ж.б.), эсептеги акча каражаттарынын эсептин валютасында жана отчеттуулук валютасында калдыгын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында, чет мамлекеттердин борбордук банктарында, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана чет өлкөлөрдө ачылган жогору турган органдардын жана ведомстволук уюмдардын банктык эсептеринин толук тизмеги. Коммерциялык банкта ачылган ар бир эсеп боюнча мекемелер отчеттук датага карата калдыкты тастыктаган банктын көчүрмөсүн беришет;
- отчеттук датага карата колдонууга мүмкүн болбогон же тышкы чектөөлөргө дуушар болгон акча каражаттарынын суммалары жөнүндө, алар боюнча калдыктар жеткиликсиз же колдонууга чектелүү болгон конкреттүү банктык эсептерди көрсөтүү менен, ошондой эле чектөөлөрдүн себептерин жана мындай чектөөлөрдүн белгилүү болушуна негиз болгон документтердин реквизиттерин сыпаттоо менен маалыматтар;
- ар бир каржылоо булагы боюнча отчеттук мезгилдин башталышындагы акча каражаттарынын калдыктарын, отчеттук мезгил ичиндеги акча каражаттарынын түшүүлөрүн жана төлөнүшүн мезгилдин аягындагы акча каражаттарынын калдыктары менен салыштыруу;
- активдердин, милдеттенмелердин, таза активдердин беренелери боюнча отчеттук датага карата калдыктар, ошондой эле отчеттук мезгил үчүн мамлекеттик башкаруу секторунун башка уюмдары менен операциялар боюнча кирешелер, чыгашалар, акчалай түшүүлөр жана төлөөлөр;
- каржылоо булактары боюнча Эсептердин бирдиктүү планынын элементтери боюнча запастар, дебитордук жана кредитордук карыз боюнча калдыктар;
- отчеттук мезгилдин акыркы 6 айында финансы-кредиттик мекеменин аталышын жана эсептин номерин көрсөтүү менен кыймыл болбогон эсептер (депозиттик эсептерди кошпогондо) боюнча маалыматтар;
- акча каражаттарынын эквиваленттери боюнча - отчеттук мезгилдин башталышындагы калдыктарды, отчеттук мезгил ичиндеги акча эквиваленттеринин көбөйүшүн жана азайышын жана аягына карата калдыктарды көрсөтүү менен кыска (3 айдан ашпаган) мөөнөттүн ичинде акча каражаттарына конвертациялоого мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү жогорку ликвиддүү активдер боюнча маалымат.
33. Консолидацияланган финансылык отчеттуулукка эскертүүлөрдү даярдоодо отчет берүүчү уюмдардан алынган бардык маалыматтар алгач суралган маалыматтын типтери жана түрлөрү боюнча классификацияланат, андан кийин маалыматтын жалпы жыйындысы түзүлөт. Уюмдар тарабынан Эскертүүлөрдө көрсөтүлгөн бардык суммалар өздүк отчеттордун маалыматтары жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө болгон маалыматтар менен салыштырылат. Эгерде айырмачылыктар чыгып калса, туура суммалар отчет берүүчү уюмдар менен макулдашылат.
34. Өздүк отчеттордогу бардык олуттуу суммалар Эскертүүлөрдө тиешелүү комментарийге ээ болууга тийиш, ал бул суммаларга байланыштуу маалыматты кененирээк ачыктап берет. Финансылык отчеттуулуктун долбоорун даярдоо аяктагандан кийин Эскертүүлөрдө маалыматтын толук ачыкталышына тест жүргүзүлөт. Бул үчүн, маалыматты ачыкка чыгаруу боюнча бардык талаптардын толук тизмеги менен алдын ала даярдалган анкета толтурулат. Мындай анкета жыл сайын жаңыланууга тийиш.
35. Өздүк отчеттордогу тиешелүү маалыматтарга шилтемелер көрсөтүлөт, ал эми өздүк отчеттордо Эскертүүлөрдөгү тиешелүү комментарийлерге шилтемелер көрсөтүлөт. Кайчылаш шилтемелер Эскертүүлөрдөгү бир абзацтан же таблицадан экинчи абзацка же таблицага чейин болушу мүмкүн. Финансылык отчеттуулуктун долбооруна сереп салууда бардык түз жана тетири шилтемелердин тууралыгы текшерилет.
36. Консолидацияланган финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- финансылык отчеттуулукту даярдоонун методологиялык негиздери, олуттуу операцияларга жана окуяларга карата колдонулуучу эсепке алуу саясаты жөнүндө, ошондой эле финансылык отчеттуулуктун өзүндө берилбеген, бирок отчеттук датага карата акчалай түшүүлөр, төлөмдөр жана калдыктар жөнүндө маалыматты объективдүү чагылдыруу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты;
- отчеттук жылдын ичинде жаңы түзүлгөн, жоюлган, кайра уюшулган мекемелер жөнүндө маалыматты;
- макулдашуунун реквизиттерин, кредитордун же грант берүүчүнүн толук аталышын, макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн, макулдашуу валютасындагы жалпы сумманы, пайыздык ченди, бул кредиттин же гранттын максаттуу багыттары, кредит боюнча күрөөлүк камсыздоону, карыздын негизги суммасын жана отчеттук мезгилде төлөнүүгө тийиш болгон пайыздарды өзүнчө көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердин өкмөттөрү жана эл аралык финансы институттары менен кредиттик жана гранттык макулдашууларынын толук тизмегин;
- отчеттук мезгилдин башталышына карата карыздын негизги суммасынын жана пайыздарынын калдыгы, отчеттук мезгилде алынган кредиттин суммасы, отчеттук мезгилде тындырылган карыздын негизги суммасы (акча каражаттары менен жана реструктуризациялоонун натыйжасында өзүнчө эсептен чыгарылган) жана отчеттук мезгилдин аягына карата карыздын негизги суммасынын жана пайыздардын калдыгы боюнча ар бир кредиттик макулдашууга карата маалыматты;
- кредиттердин негизги суммасына жана пайыздарына карата мөөнөтүндө төлөнбөгөн милдеттенмелер боюнча, ошондой эле кредиттерди реструктуризациялоого карата маалыматты;
- отчеттук мезгилде алынган гранттын суммасы (гранттын валютасында жана отчеттуулуктун валютасында) боюнча ар бир гранттык макулдашууга карата маалымат;
- мамлекеттик сыр болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөргө байланыштуу ачыкталышы мүмкүн болбогон маалыматтар (тексттик же сандык) Эскертүүлөрдө ачыкталбайт.
37. Эскертүүлөрдөгү маалыматты ачыктоодо бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү жана Финансы министрлиги баяндоонун маанилүүлүк, ылайыктуулук, толуктук, айкындык, байланыштуулук, ырааттуулук жана кыскалык принциптерин карманышат. Уюмдар боюнча маалыматты ачыктап берүүдө, суммасы жалпы ачыкталган сумманын 20%нан кем эмесин түзгөн мекемеге карата гана маалымат өзүнчө ачыкталат;
38. Эскертүүлөрдө ар бир бетте анын номери, бөлүмдөрдүн, отчеттук мезгилдин, өлчөө бирдиктеринин өтмө аталышы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. Өздүк отчеттордо жана финансылык отчеттуулуктун Эскертүүлөрүндө төлөөнү же чыгымды билдирген бардык суммалар кашаанын ичинде көрсөтүлөт;
4-бөлүм. Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулук
1-глава. Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулуктун компоненттери
39. Мекемелер тарабынан даярдалган бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет өзүнө мамлекеттик (жергиликтүү, республикалык) бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду, ошондой эле төмөнкү отчеттор боюнча маалыматтарды кошумча ачыктап көрсөтүүнү камтыйт:
- А5 формасы “Жергиликтүү, республикалык бюджетте турган мекеменин бюджеттик, атайын каражаттар боюнча сметасынын аткарылышы жөнүндө отчет” (5-тиркеме);
- Д1 формасы “Мамлекеттик башкаруу секторунун мамлекеттик (жергиликтүү, республикалык) бюджеттин каражаттары боюнча отчеттук датага карата балансы” (6-тиркеме);
- Д2 формасы “Негизги каражаттардын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы” (7-тиркеме);
- Д3 формасы “Запастардын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы” (8-тиркеме);
- Д3/1 формасы “Запастар жөнүндө маалымат” (8/1-тиркеме);
- Д4 формасы “Баалуулуктардын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы” (9-тиркеме);
- Д5 формасы “Өндүрүлбөгөн активдердин отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы” (10-тиркеме);
- Д6 формасы “Валютанын жана депозиттердин отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы” (11-тиркеме);
- Д7 формасы “Акциялардан башка баалуу кагаздардын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы” (12-тиркеме);
- Д8 формасы “Кредиттердин, ссудалардын жана зайымдардын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы” (13-тиркеме);
- Д9 формасы “Акциялардын жана капиталга катышуунун башка формаларынын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы” (14-тиркеме);
- Д10 формасы “Башка дебитордук карыздын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы” (15-тиркеме);
- Д11 формасы “Чыгарылган баалуу кагаздардын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы” (16-тиркеме);
- Д12 формасы “Карыз алуулардын отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы” (17-тиркеме);
- Д13 формасы “Башка милдеттенмелердин отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы” (18-тиркеме);
- Д14 формасы “Таза активдердин отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы” (19-тиркеме).
40. Финансы министрлиги даярдаган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет өзүнө жергиликтүү жана республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду, ошондой эле төмөнкү топтор боюнча маалыматтарды кошумча ачыктап көрсөтүүнү камтыйт:
а) Өздүк отчеттор:
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (жергиликтүү, республикалык) бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет” 6-форма (20-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (жергиликтүү, республикалык) бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетко эскертүүлөр;
б) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (жергиликтүү, республикалык) бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетко эскертүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:
- А тобу. Экономикалык классификация:
- А1 формасы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (жергиликтүү, республикалык) бюджетинин бюджеттик, атайын каражаттар боюнча аткарылышы жөнүндө отчет”, 6-формага окшош;
- А2 формасы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (жергиликтүү, республикалык) бюджетинин кирешелердин, чыгымдардын, активдер жана милдеттенмелер менен операциялар категориялары боюнча бюджеттик, атайын каражаттар боюнча аткарылышы тууралуу отчет” (21; 21.1-21.4-тиркемелер), ЭБПнын экономикалык классификациясынын беренелери боюнча ачылат;
- А3 формасы “Тартыштыкты жабуу булактары” (22-тиркеме);
- А4 формасы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (жергиликтүү, республикалык) бюджетинин иш жүзүндөгү кассалык кирешелери, чыгашалары жана активдер жана милдеттенмелер менен операциялары жөнүндө отчет”, кассалык аткаруу бөлүгүндө 6-формага окшош;
- Б тобу. Функционалдык классификация:
- Б1 формасы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (жергиликтүү, республикалык) бюджетинин бюджеттик атайын каражаттар боюнча функционалдык классификация боюнча аткарылышы жөнүндө отчет” (23-тиркеме), ЭБПнын функционалдык классификациясынын функциялары боюнча ачыкталып берилет;
- Б2 формасы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жергиликтүү, республикалык бюджетинин бюджеттик, атайын каражаттар боюнча Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар, Коргоо; Коомдук тартип жана коопсуздук; Экономикалык маселелер; Курчап турган чөйрөнү коргоо; Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр; Саламаттык сактоо; Эс алуу, маданият жана дин; Билим берүү; Социалдык коргоо функционалдык классификацияларынын негизги бөлүмдөрүнө карата чыгымдар жана финансылык эмес активдер менен операциялар боюнча аткарылышы жөнүндө отчет” (24-тиркеме), ЭБПнын экономикалык классификациясынын беренелери боюнча ачыкталып берилет;
- Б3 формасы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (жергиликтүү, республикалык) бюджетинин бюджеттик атайын каражаттар боюнча функционалдык классификациянын бөлүмдөрү боюнча иш жүзүндөгү кассалык чыгашалары жөнүндө отчет”, кассалык аткаруу бөлүгүндө Б1 формасына окшош, ЭБПнын функционалдык классификациясынын негизги бөлүмдөрү боюнча ачыкталат;
- В тобу. Ведомстволук классификация:
- В1 формасы “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин бюджеттик атайын каражаттар боюнча ведомстволук классификация боюнча отчеттук жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчет” (25-тиркеме);
- В2 формасы “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешелердин жана чыгымдардын категориялары боюнча бюджеттик атайын, башка каражаттар боюнча ведомстволук жана экономикалык классификация боюнча отчеттук жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчет”, ЭБПнын экономикалык классификациясынын беренелери боюнча ачыкталат (26-тиркеме);
- Г тобу. Регионалдык классификация:
- Г1 формасы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (жергиликтүү, республикалык) бюджетинин бюджеттик, атайын каражаттар боюнча административдик-аймактык бөлүнүү боюнча отчеттук жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчет” (27-тиркеме);
- Г2 формасы “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жергиликтүү бюджеттерге которулган трансферттер, өз ара эсептешүүлөр боюнча берилүүчү каражаттар, бюджеттик ссудалар боюнча отчеттук жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчет” (28-тиркеме);
- Д тобу. Финансылык абал:
- 1-14Д формасы “Мамлекеттик башкаруу секторунун мамлекеттик (жергиликтүү, республикалык) бюджеттин каражаттары боюнча отчеттук датага карата балансы (6-19-тиркеме);
- Д15 формасы “Кыргыз Республикасынын отчеттук датага карата тышкы карызы жөнүндө экономикалык классификация боюнча отчет” (29-тиркеме);
- Д16 формасы “Кыргыз Республикасынын отчеттук датага карата мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөр боюнча тышкы карызы жөнүндө отчет” (30-тиркеме);
- Д17 формасы “Кыргыз Республикасынын отчеттук датага карата мамлекеттик карызынын түзүмү жөнүндө отчет” (31-тиркеме);
- Д18 формасы “Кыргыз Республикасынын отчеттук датага карата ички карызы жөнүндө экономикалык классификация боюнча отчет” (32-тиркеме);
- Д19 формасы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (жергиликтүү, республикалык) бюджетинин акча каражаттарынын каржылоо булактары боюнча отчеттук мезгил ичиндеги кыймылы жөнүндө отчет” (33-тиркеме);
- Д20 формасы “Кыргыз Республикасынын тышкы карыз алуулары жөнүндө отчет” (34-тиркеме).
2-глава. Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет берүүгө болгон жалпы талаптар
41. Уюмдар ушул Жобонун пунктунда көрсөтүлгөн отчеттун компоненттерин кварталдык жана жылдык негизде сом менен түзүшөт жана Финансы министрлигине беришет.
42. Финансы министрлиги ушул Жобонун 40-пунктунда көрсөтүлгөн отчеттуулуктун компоненттерин жылдык негизде, ошондой эле 6, А1, А2, А3 жана Б2 формаларын ар айлык негизде, сом менен түзөт.
43. Республикалык бюджетте турган бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү мекемелер берген отчеттуулуктун негизинде консолидацияланган отчетту түзүшөт жана аны белгиленген мөөнөттө Финансы министрлигине беришет.
44. Финансы органдары жергиликтүү бюджеттерде турган мекемелер берген отчеттордун негизинде консолидацияланган отчеттуулукту түзүшөт жана аны белгиленген мөөнөттө Финансы министрлигине беришет.
3-глава. Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулукка эскертүүлөрдө ачыктап көрсөтүү
45. Эскертүүлөрдүн негизги максаты отчеттук жылда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик-финансылык саясатынын иш жүзүндө ишке ашырылышын баалоо мүмкүнчүлүгүн отчеттуулукту пайдалануучуларга берүү үчүн мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү бардык зарыл маалыматтарды ачыктап берүү болуп саналат.
46. Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулукка эскертүүлөрдүн түзүмү төмөнкү бөлүмдөрдү камтыйт:
- отчеттук датага карата Кыргыз Республикасындагы макроэкономикалык кырдаалдын жана анын отчеттук мезгилдеги өзгөрүүлөрүнүн сыпатталышы;
- жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин киреше бөлүгүнүн аткарылышына жана олуттуу четтөөлөрүнүн себептерине жалпы талдоо жүргүзүү;
- экономикалык, функционалдык, ведомстволук жана регионалдык классификация боюнча жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышына жана олуттуу четтөөлөрүнүн себептерине жалпы талдоо жүргүзүү.
47. Эскертүүлөр макроэкономикалык кырдаалдын сыпатталышын жана анын жыл ичинде өзгөрүшүн камтыйт. Эскертүүлөрдө ачыкталган макроэкономикалык кырдаалдын маанилүү мүнөздөмөлөрү ички дүң продуктунун, инфляциянын, калктын иш менен камсыз болушунун, эмгек миграциясынын, орточо эмгек акынын, сатып алуу жөндөмүнүн, кредиттер боюнча пайыздык чендердин, инвестициялык активдүүлүктүн, тышкы экономикалык иштин, эл аралык донордук коомчулуктун ишинин көрсөткүчтөрү болуп саналат.
48. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын талдоо, башка нерселерден тышкары, экономиканын тармактары боюнча жана салыктардын түрлөрү боюнча бюджетке салыктык жана башка милдеттүү түшүүлөрдү түшүүсүн талдоону камтыйт. Мындай талдоонун максаты, экономиканын ар бир олуттуу тармагы боюнча отчеттук жылдын пландаштырылган көрсөткүчтөрүнө жана өткөн жылдын иш жүзүндөгү суммаларына салыштырмалуу бюджетке түшүүлөрдүн көбөйүшүнүн же азайышынын себептерин ачыктоо. Эскертүүлөр кирешелердин азаюу же көбөйүү фактысын гана констатациялоо менен чектелбестен, мындай өзгөрүүлөрдүн себептерин ачууга багытталган. Салыктык кирешелер боюнча Эскертүүлөрдө ошондой эле ар бир ачыкталган берене боюнча салык төлөөчүлөрдүн саны жөнүндө маалыматтар ачыкталат.
49. Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары Эскертүүлөрдө төмөнкү 5 бөлүм боюнча баяндалат:
- “Экономикалык классификация боюнча мамлекеттик бюджеттин чыгашалары”;
- “Функциялык классификация боюнча мамлекеттик бюджеттин чыгашалары”;
- “Ведомстволук классификация боюнча республикалык бюджеттин чыгашалары”;
- “Регионалдык классификация боюнча мамлекеттик бюджеттин чыгашалары”;
- “Мамлекеттик башкаруу секторунун мекемелеринин финансылык абалы”.
50. Эскертүүлөрдө ачыкталып берилген таблицалардагы беренелер категориялардын, эсептердин бирдиктүү планынын беренелеринин (элементтеринин) тартибинде берилет.
51. Ар бир таблица боюнча ар кандай олуттуу беренеге карата Эскертүүлөрдө бекитилген жана такталган пландын ортосундагы олуттуу четтөөлөр, ошондой эле такталган план менен иш жүзүндөгү кассалык чыгашалардын ортосундагы олуттуу четтөөлөрдүн себептери жөнүндө маалыматтар ачыкталат. Четтөөлөрдүн себептери жөнүндө маалыматты ачыктап көрсөтүү максаттары үчүн олуттуу болуп отчеттук мезгил ичинде бул таблицадагы чыгашалардын (кирешелердин) жыйынтык суммасынын 5% ашкан чыгымдар (кирешелер) беренеси эсептелет. Такталган пландын бекитилген пландан же иш жүзүндөгү кассалык чыгымдардын такталган пландан олуттуу четтөөсү болуп бекитилген же такталган планга карата 10% же андан ашык өлчөмгө барабар сумма эсептелет.
5-бөлүм. Башкаруу отчеттуулугу
52. Финансы министрлиги контролдоо максатында уюмдардан жана Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнөн кошумча маалыматтарды жана отчетторду сурап алууга укуктуу. Берүүнүн форматы, мөөнөтү жана тартиби Финансы министрлигинин ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан аныкталат.
53. Уюмдар ай сайын аймактык башкармалыктарга (мындан ары – АБ) А5 формасы боюнча отчетторду беришет, алар казыналыктын маалыматтары менен салыштырылат.
54. АБ ай сайын А5 формасына ылайык бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторду түзүшөт.