Загрузка документа…
БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги 3 сессиясы
2025-жылдын 24-январы № 10
Көк-Кашат айылындагы спорт комплекстин жерин муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрь айындагы № 571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын Беш-Таш айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш-Таш айыл аймагына караштуу Көк-Кашат айылынын Шекербеков Суеркул көчөсүндө жайгашкан “Рыспеков Токтогон” спорт комплекстин 0,09 га жер участогу муниципалдык менчигине (мөөнөтү көргөзүлбөгөн) пайдаланууга бекитилип берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агентигинин Талас филиалынан жерге берүүчү күбөлүктү берүү жагы суралсын.
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Шамилге жүктөлсүн.
Төрага |
| Сатыбек уулу Максат |