Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 9-июнундагы № 404
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-февралы № 86
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 28-майындагы № 282 "Кыргыз Республикасынын
экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдардын
күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун калкын катуу отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 282 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 1-1, 1-2-пунктчалар менен толукталсын:
"1-1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте 2025-жылдын 1-декабрынан тартып 2026-жылдын 31-мартына чейин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы тарабынан "Рыбачье" темир жол станциясынан "Токмок", "Кант" жана "Аламүдүн" темир жол станцияларына чейин "Кыргызкөмүр" ААКтын дарегине калк үчүн "Б" маркасындагы көмүрдүн бир тоннасын ташыгандыгы үчүн бардык кошумча жыйымдарды эске алуу менен (кошумча нарк салыгын эске албаганда) 650 (алты жүз элүү) сом өлчөмүндө белгиленген тарифти белгилесин;
1-2) 2025-жылдын 1-декабрынан тартып 2026-жылдын 31-мартына чейин "Рыбачье" темир жол станциясынан "Шопоково", "Беловодская", "Кара-Балта" темир жол станцияларына чейин "Кыргызкөмүр" ААКтын дарегине калк үчүн "Б" маркасындагы көмүрдүн бир тоннасын ташууга Тарифтик колдонмонун ставкаларына (Экспорттук, импорттук, транзиттик жана республикалык ички каттамдарда темир жол жүк ташууларына тарифтер) бардык кошумча жыйымдарды эске алуу менен (салыктарды эске албаганда) 0,75 коэффициентти белгилесин;".
2. Бул токтом 2025-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |