Редакцияот 14.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги 3 сессиясы

 

2025-жылдын 14-майы № 20

 

Беш-Таш айыл аймагындагы муниципалдык обькетилердин жерин муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрь айындагы № 571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын Беш-Таш айылдык Кеңеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Беш-Таш айыл аймагына караштуу Көк-Кашат айылында “Чакыр Япи” ишканасында жайгашкан электр чордону – 12 кв.м. жер аянты, Калба айылында А.Солтонов орто мектебинде жайгашкан электр чордону – 12 кв.м. жер аянты, Спорт комплексинде жайгашкан электр чордону – 12 кв.м. жер аянты, А.Огонбаев айылында жайгашкан бала бакчасында жайгашкан электр чордону 12кв.м. жер аянты, А.Огонбаев айылында жайгашкан суу топтоочу жайында жайгашкан электр чордону – 12кв.м.жер аянты, Бал-Бал айылында Бал-Бал орто мектебинде жайгашкан электр чордону - 12кв.м. жер аянты, Жанкороз-Олуя айылында М.Мамбетов орто мектебинде жайгашкан электр чордону -12 кв.м. жер аянты, Кум Арык айылында Нурбеков орто мектебинде жайгашкан электр чордону -12 кв.м. жер аянты, муниципалдык менчигине (мөөнөтү көргөзүлбөгөн) пайдаланууга бекитилип берилсин.

 

2.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агентигинин Талас филиалынан жерге берүүчү күбөлүктү берүү жагы суралсын.

 

3.Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Шамилге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Сатыбек уулу Максат