Загрузка документа…
БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги 3 сессиясы
2025-жылдын 14-майы № 24
Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондусуна жалпы орто билим берүү мектебин (1224 орундуу) куруу үчүн курулуштун тиричилик шаарчасын жайгаштыруу жана курулуш муктаждыктарына жер тилкесин убактылуу акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, кыргыз тилинде орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу жана иштөө шарттары жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы №108 жана 2024-жылдын 3-июлундагы №397-р Буйруктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7 жана 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен, Беш-Таш айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш-Таш айыл өкмөтүнө Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондусуна аянты 10 000 кв.м. (1,0 га) болгон, муниципалдык менчиктеги (идентификациялык коду № 6-04-13-1005-0143), Талас району, Беш-Таш айылы, Өрүктү көчөсү №16а, Кара Дөбө участогунда жайгашкан жер тилкесин (мындан ары – Жер тилкеси) жалпы орто билим берүү мектебин (1224 орундуу) куруу жана курулуштун тиричилик шаарчасын жайгаштыруу үчүн убактылуу акысыз пайдаланууга 6 (алты) жылдык мөөнөткө берүүгө макулдук берилсин, пайдалануу мөөнөтүн курулуш аяктап, жаңы мектеп имараты Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилгенге чейин узартуу мүмкүнчүлүгү сакталсын.
2. Беш-Таш айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр жүктөлсүн:
- Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондусуна жер тилкесин 6 (алты) жыл мөөнөткө убактылуу акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө токтом чыгаруу;
- Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен жер тилкесин убактылуу акысыз пайдаланууга берүү боюнча макулдашууга кол коюу;
- Макулдашууну мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана Жер тилкесине укук тастыктоочу документтерди берүү боюнча зарыл болгон иш-аракеттерди жүргүзүү.
3. Беш-Таш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-июнундагы №23 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо өзүмө калтырам.
Төрага |
| Сатыбек уулу Максат |