Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 20-февралы № 96-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 513 «2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетүү боюнча 2022–2024-жылдарга улуттук иш-аракеттер планы жөнүндө» токтому менен бекитилген 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында, «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетүү боюнча 2026–2027-жылдарга улуттук иш-аракеттер планы (мындан ары – Улуттук иш-аракеттер планы) 1-тиркемеге ылайык;
– Улуттук иш-аракеттер планынын индикаторлорунун матрицасы 2-тиркемеге ылайык;
– Улуттук иш-аракеттер планынын бюджети 3-тиркемеге ылайык.
2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана уюмдар (макулдашуу боюнча):
– Улуттук иш-аракеттер планынын иш-чараларын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын алкагында ишке ашырсын;
– жарандык коомдун, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Улуттук иш-аракеттер планын аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
– ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Улуттук иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
– ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Улуттук иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун;
– Улуттук иш-аракеттер планынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүп турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |