Загрузка документа…
БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги 3 сессиясы
2025-жылдын 14-майы № 28
Талас районунун А.Огонбаев айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маскатында ичүүчү таза суу топтоочу жай куруу үчүн жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”
Талас районунун А.Огонбаев айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында ичүүчү суу топтоочу жай куруу үчүн ижер участогун которуу (трансформациялоо) боюнча Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (транформациялоо) жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 “Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” жобону карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренсин жетекчиликке алып Беш-Таш айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас районунун Беш-Таш айылдык аймагынын администртивдик чегинде жайгашкан “Мехпарк” участогун №656-657 чөйрө сызыгында жалпы аянты 0,60га жер участогуна тургундарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында ичүүчү таза суу топтоочу жай куруу үчүн “Запастагы жерлер” категориясынын жайыт жерлер түрүнөн “Өнөр жайынын, трансфорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого)макулдук берет.
2. Жерлерди бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин башка түрүнө которуу(трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо менен байланышкан иштерди каржылоо, Беш-Таш айыл өкмөтүнүн каражатын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык, которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелүү корутундуларды алуу үчүн иш кагаздарды жана Талас райондук жер комиссиясына сунуштоо даярдоо жагы Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Шамилге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Сатыбек уулу Максат |