Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 9-марты № 81
Айыл өкмөтүнөн жана айылдык кенештен атуулдардын алган иш кагаздарына мамлекеттик салымдарды бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндеги айыл өкмөтүнөн жана айылдык кенештен атуулдардын алган иш кагаздарына мамлекеттик салымдарды бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.
1. Айыл өкмөтүнөн алынган аныктамага 30 сом, айыл өкмөтүнүн токтомуна 300 сом, айылдык кенештин токтомуна 300 сом мамлекеттик салым бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жана айылдык кенешинин жоопту катчыларына милдеттендирилсин.
3. Мыйзамдуулук,этика,мандат адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча комиссиянын төрайымына Исакова Гулнарага жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Кыргызбаев |