Загрузка документа…
БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы
2025-жылдын 27-августу № 34
Жанкороз олуя айылынын кире беришине «Жанкороз олуя» айылынын аталышы жазылган атайын белгилерди жана Жанкороз олуянын эстелигин орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Беш-Таш айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына таянып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жанкороз олуя айылынын кире беришинде атайын айылдын аталышын көрсөтүүчү белгини жана Жанкороз олуянын эстелигин орнотуу үчүн жер тилкеси бөлүнсүн.
2. Жер тилкесинин так чектери жана өлчөмү Беш-Таш айыл өкмөтүнүн Жер комиссиясынын сунушуна ылайык аныкталсын.
3. Бөлүнүп берилген жер тилкеси коомдук пайдаланууга гана арналат жана башка максатта колдонууга жол берилбесин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Сатыбек уулу Максат |