Загрузка документа…
БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги 3 сессиясы
2025-жылдын 3-сентябры № 36
Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын
талаптарын сактоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы № 27-19633 тапшырмасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 “Үй бүлөлүк майрамдарды жана аза салттарын тартипке келтирүү чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын карап жана талкуулап чыгып, Беш-Таш айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын сактоо максатында айыл аймагында жайгашкан ресторандардын, банкет залдардын, жайкы кафелердин жана башка эс алуучу жайлардын иши саат 22:00 токтотулсун.
2. Жогорудагы аталган талаптар милдеттүү түрдө аткарылып, айыл аймагындагы бардык ресторандардын, банкет залдардын, жайкы кафелердин жана башка эс алуучу жайлардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Шамилге жүктөлсүн.
Төрага |
| Сатыбек уулу Максат |