ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI- сессиясы
2023-жылдын 9-марты № 88
Айыл аймагындагы көп балалууларды, пенсионерлерди, Баткен окуясына катышкандарды, Авган жана Черноблдун катышуучуларын, I-II-III- баскычтагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды эшик алды жана өз ара салыгынан бошотуу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндег Айыл аймагындагы көп балалууларды, пенсионерлерди, Баткен окуясына катышкандарды, Авган жана Черноблдун катышуучуларын, I-II-III- баскычтагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды эшик алды жана өз ара салыгынан бошотуу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.
1. Айыл аймагындагы көп балалуулар, пенсионерлер, Баткен окуясына катышкандар, Авган жана Черноблдун катышуучулары, I-II-III- баскычтагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар эшик алды жана өз ара салыгынан бошотулсун.
2. Райондук салык инспекциясынан суралсын эшик алды, өз ара салыгынан 32150 ( отуз эки мин бир жүз элүү) сомду чыгыш кылуу жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнун башкы салыкчысына милдеттендирилсин.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Кыргызбаев |