ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI- сессиясы
2023-жылдын 9-марты № 89
Ийри-Суу айыл аймагындагы жарандык коргонуу комиссиясынын сунушун кароо жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кенешинин (VII чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл аймагындагы жарандык коргонуу комиссиясынын сунушун кароо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кенеши, токтом кылат
1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жарандык коргонуу комиссиясынын айыл аймагындагы жер көчкүсү бар кооптуу аймакта жайгашкан биринчи кезектеги 10 турак үйлөрдү коопсуз аймакка көчүрүү боюнча тизмеси бекитилсин.
2. Айыл аймагындагы жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жайгашкан турак үйлөрдү коопсуз жайга көчүрүү үчүн Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жеке турак жай салууга ынгайлуу жер болбогондуктан Өзгөн районун аймагындагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнө жакын жайгашкан айыл өкмөттөрүнөн тизмеге ылайык жер тилкесин берүү үчүн Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына сунуш кылынсын.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Кыргызбаев |