ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI- сессиясы
2023-жылдын 9-марты № 91
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бекитилген жергиликтүү бюджетинен жайыт комитетинин юридикалык салыгын төлөөгө которуп берүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги ХVI- сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бекитилген жергиликтүү бюджетинен жайыт комитетинен юридикалык салыгын төлөөгө которуп берүү жөнүндө Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 9- март 2023-жылдагы жайыт комитетинин төрагасынын өтүнүчүн угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши токтом кылат.
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бекитилген акча каражатынан 480 000 (төрт жүз сексен мин ) сом акча каражаты, айыл аймагындагы жайыт комитетинин юридикалык карызына айылдык Кеңешинин токтомунун негизинде көрсөтүлгөн сумма которулуп берилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Кеңешинин бюджет, салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Кыргызбаев |