Редакцияот 26.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Конур-Дөбө айылдык Кенешинин 6 -чакырылышынын кезектеги 18–отуруму

 

2023-жылдын 26-январы № 18/1

Конур-Дөбө айыл өкмөтүнүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга аткарылышы, 2022-жылга малымат, 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2024-2025-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бюджет комиссисынын талкуусун угуп.

Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 12657,7 миң сом, анын ичинен өздүк киреше 4237,5 миң сом (анын ичинен атайын каражаттар 786,7 миң сом), теңдештирүүчү трансферт -6221,4 миң сом, Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт (целевой трансферт) – 945,6 миң сом, мурунку жылдан өткөн калдык 1253,2 миң сом ( анын ичинен атайын каражат -219,6 миң сом) жана чыгаша бөлүгү – 11482,1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылга киреше бөлүгү - 17103,3 миң сомго , анын ичинен өздүк киреше – 5465,1 миң сомго (анын ичинен атайын каражат 1145,7 миң сом) Республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү трансферт – 6600,0 миң сом, Республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт (целевой трансферт) – 3652,9 миң сом, мурунку жылдан өткөң калдык – 1385,3 миң сом (анын ичинен атайын каражат -309,1 ) жана чыгаша бөлүгү – 15492,6 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

3. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023- жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү -17573,1 миң сом, анын ичинен Республикалык бюджеттен теңдештирүүчү трансферт – 12555,0 миң сом , өздук кирешелер – 5018,1 миң сом (анын ичинен атайын каражат 588,0 миң сом) жана чыгаша бөлүгү – 17573,1 миң сомго бекитилсин.

4. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024- жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы -18669,1 миң сом, теңдештирүүчү трансферт 12555,0 миң сом, анын ичинен өздук киреше -6114,1 миң сомго (анын ичинен атайын каражат -588,0 миң сомго ) бекитилсин.

5. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунуцн планы -18983,1 миң сом, теңдештирүүчү трансферт 12555,0 миң сом, анын ичинен өздук киреше -6428,1 миң сомго (анын ичинен атайын каражат -588,0 миң сомго ) бекитилсин.

6. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерде жана мекемелердге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлрунун орун басарларына милдеттендирилсин.

7. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жана айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы З.А.Каримовго милдеттендирилсин.

 

 

Коңур-Дөбө айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Т.Бегматов