Загрузка документа…
КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-январы № 18/2
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1385,4 миң сом калган калдык акча каражатын 2023-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 18-отуруму.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата 2022-жылдан пайдаланылбай калган өздүк кирешенин эсебинен 1385, (анын ичинен атайын каражат 309,2 ) миң сом калдык акча каражатын 2023-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планына кошумча киргизилсин.
2. Айылдык Кенештин отурумунда талкууланган 2023-жылдын 1-январына карата 2022-жылдан пайдаланылбай калган 1385,4 (анын ичинен атайын каражат 309,2 ) мин сом акча каражаты 2023-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Алай райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Каримов Залкар Абдурасуловичке жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Исакова Жазгулго милдеттендирилсин.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Бегматов |