Редакцияот 26.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Конур-Дөбө айылдык Кенешинин 6 -чакырылышынын кезектеги 18–отуруму

 

2023-жылдын 26-январы № 18/6

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү эрежелери боюнча жаңы түзүлгөн редакциясын бекитүү жөнүндө

2023-жылдын 19-январындагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн №01-19/80 катын жана Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү эрежелери боюнчажаңыдан түзүлгөн редакциясын карап жана талкуулап чыгып,айыл аймагын жыйнап,кызматтарды санитардык тазалоону кординациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ№305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүбоюнча иш-аракеттер планы жөнүндөгү” Жарлыгын жетекчиликке алуу менен.

Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү эрежелери боюнча жаңы түзүлгөн редакциясы бекитилсин (тиркеме тиркелет)

2. Коңур-Дөбөайыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү эрежелери боюнча жаңы түзүлгөн редакциясы айыл өкмөтүнүн кызматкерлери аркылуу айылдарга жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы З. Каримовго тапшырылсын.

 

Коңур-Дөбө айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Т.Бегматов