Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-августу № 3
Күмүштак айыл аймагындагы ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартиби жөнүндө Жобону кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 14-пунктуна ылайык иштелип чыккан “Ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартиби жөнүндө Жобону” кабыл алуу жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык кеңешинин депутаттарынын IX сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартиби жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Жекшеналы уулуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Б.Акматов |
| Күмүштак айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-августундагы 3-токтому менен бекитилген |
Ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы
участкаларды күтүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 14-пунктуна ылайык иштелип чыкты жана ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү - ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участокторду, алардын айрым элементтерин тиешелүү техникалык, физикалык, эстетикалык абалда кармоо;
жеке турак үй- жеке турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилген жер участогуна курулган, анын менчик ээлери же пайдалануучулар тарабынан жашоо үчүн пайдаланылуучу белгилүү бир жеке турак имараты;
үй жанындагы жер участогу (көп батирлүү үйдүн жанындагы жер участогу)- бак-дарактарды, короо ичиндеги ирригациялык тарамды (магистралдык жана суу берүүчү каналдарды кошпогондо) жана тышкы жарыктандырууну, чарбалык, балдар жана спорт аянтчаларын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн жабдылган аянтчаларды кошуп алганда үйгө жанаша жаткан аймакты өзүнө камтыган участок жана чек аралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталган башка участоктор;
ирригациялык тармактар - жерди сугарууга, суунун нугун бурууга же агызууга арналган жасалма суу курулмалары.
II. Жеке курулуштагы ирригациялык тармактарды,
үй жана үйдүн жанындагы жер участкаларын күтүү
3. Жеке курулуш аймактарындагы турак үйлөрдүн менчик ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) аймакты үзгүлтүксүз тазалап турууга, таза жана иреттүү кармоого;
б) турак үйдүн фасаддарын, короодогу курулуштарды, тосмолорду таза жана иреттүү кармоого, өз убагында аларды оңдоп-түзөө жана сырдоо иштерин жүргүзүүгө;
в) аймактын чөбүн чаап турууга;
г) күндүн караңгы мезгилинде жарыктандыруучу чырактарды жандырууга (бар болсо);
д) бөлүнгөн жана жанаша аймактагы ирригациялык тармактарды тазалоого;
е) адистештирилген уюм менен КТКны ташып чыгарууга келишим түзүүгө, контейнердик аянтчаларга орнотулган контейнерлерге КТКны чогултууга;
ё) саркынды жана фекалдык суулардын кошулуп кетишине (аралашуусуна) жол бербөө үчүн жаан сууларын жабдуу жана күтүү;
ж) турак үйдө номурдук белги болушу керек жана аны тыкан абалда кармоого;
з) жанаша аймактан тазаланган карды жеке курулуштун аймагындагы квартал ичиндеги жолдор жана турак үйлөрдүн кире бериштери боюнча транспорттун өтүшүн, инженердик коммуникацияларга жана алардагы курулмаларга жетүүнү, жөө адамдардын өтүшүн жана тигилген бак-дарактардын коопсуздугун камсыз кылуу менен чогултууга;
и) жанаша аймакка отун, топурак, кум жана башка материалдарды түшүрүүдө жеткирилген материалдарды жеткирилген күндөн тартып 2 жуманын аралыгында жанаша аймактан алууга.
4. Жеке үй ээликтеринин аймагында катуу тиричилик калдыктарын жана ири көлөмдөгү таштандыларды баштыктарда же контейнерлерде ушул максатта атайын жабдылган жайларда убактылуу сактоого жол берилет.
5. Үйлөрдүн менчик ээлеринин, кожоюндарынын, пайдалануучуларынын ортосундагы келишимдин негизинде ири көлөмдөгү таштандыларды, катуу тиричилик жана башка калдыктарды жамааттык чогултууну жана ташып чыгарууну камсыз кылуу максатында калдыктарды жана таштандыларды чогултуу үчүн контейнерлерди жайгаштыруу үчүн жалпы контейнердик аянтчалар жабдылышы мүмкүн.
6. Жеке үй ээликтеринин жер участокторунун тосмолорунда көзгө көрүнгөн бузулуулар, булгануулар, жазуулар, мыйзамсыз көрүнөө маалыматтар болбошу керек. Жер участокторунун менчик ээлери, пайдалануучулары же ижарачылары тосмолорду өз каражаттарынын эсебинен оңдоп-түзөөгө жана калыбына келтирүүгө милдеттүү.
7. Жеке курулуш аймактарында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
а) таштандыларды башкаруу схемасында каралбаган жерлерге чыгарууга;
б) ирригациялык тармактарды, жаан суусунун канализациясын, үйдүн чатырындагы жана дубалдарындагы жаандын суусу агуучу тутумдарды, дренаждык арыктарды толтурууга жана булгоого;
в) турак үйдүн менчик ээсине бөлүнгөн аймактан тышкаркы жерлерди өз алдынча жеке чарбалык жана башка муктаждыктар, анын ичинде таштандыларды, күйүүчү материалдарды, жер семирткичтерди топтоо, курулуштарды, улап салынган курулуштарды, гараждарды, жертөлөлөрдү куруу үчүн пайдаланууга;
г) жалпы пайдалануудагы аймактарга жана автомобиль жолдоруна жөө адамдардын, автотранспорттун, анын ичинде тез жардам, өрт өчүрүү, кырсыктан куткаруу кызматтарынын унааларын, таштандыларды ташып чыгаруу боюнча адистештирилген техниканын кыймылына тоскоол болгон объектилерди (шлагбаумдарды, ылдамдыкты азайтуучу тосмолорду кошкондо) өз алдынча орнотууга;
д) квартал ичиндеги жеке курулуш аймагындагы жолдорго атайын транспорттун жана тазалоочу техниканын жетишин кыйындаткан же тоскоол болгон тосмолорду орнотууга;
е) көлмөлөрдү, суу кудуктарын булгоого, суу чорголорун пайдалануу эрежелерин бузууга;
ё) кошуна аймактарды суу каптоого жол бербөө үчүн жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жана жанаша аймактагы аянттарды кайра толтуруу аркылуу рельефтин деңгээлин өзгөртүүгө;
ж) бөлүнгөн аймактын чегинен тышкары тосмо орнотууга;
з) бөлүнгөн жана жанаша аймактарда жалбырактарды, калдыктардын түрлөрүн өрттөөгө;
и) бөлүнгөн аймактан тышкары транспорт каражаттарын жууга.