КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Конур-Дөбө айылдык Кенешинин 6 -чакырылышынын кезектеги 18–отуруму
2023-жылдын 26-январы № 18/7
Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоцациясынын (АКИА нын) Уставын каттоодон өткөрүү жана ассоцациянын иштөө аймагын аныктап, бекитип берүү жөнүндө
Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоцациясынын (АКИА нын) Уставын каттоодон өткөрүү жана ассоцациянын иштөө аймагын аныктап, бекитип берүү жөнүндө АКИАнын аткаруу комитетинин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, АКИАнын Уставы менен таанышып
Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоцациясынын 2022-жылдын 3-декабрдагы конференциясынын №1 протоколу менен бекитилген Уставы Коңур-Дөбө айылдык Кеңешине учеттук каттоого алынсын.
2. Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоцациясынын (АКИА нын) иштөө аймагы катары бекитилип, АКИАга Коңур-Дөбө айылдык аймагынын чегинде иш алып баруу милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин регламентине ылайык Юстиция Министрлигинин нормативдик-укуктук актыларды каттоо реестеринен каттоодон өткөрүү айылдык Кеңештин катчысына тапшырылсын.
4. Коңур-Дөбө айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоцациясынын (АКИАнын) аткаруу комитеттеринин иш-аракеттерине жакындан жардам берүү, тыгыз иш алып баруу жана көмөк көрсөтүү айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Бегматов |