КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6 -чакырылышынын кезектеги 18–отуруму
2023-жылдын 26-январы № 18/9
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Караган айылынын Боз-Караган -6 көчөсүндөгү №1-даректеги жеке менчик жерди максаттуу багытын өзгөртүп мечитке өткөрүп берүү жөнүндө
Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 18-отуруму Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Пасаңов Курстанбектин билдирүүсүн угуп, Асанов Ормонбай Тополоңовичтин наамына 5-01-06-1006-0079 сандуу коду менен катталган регистрациялык делосун жана бирдиктүү реестрде №1082408 номер менен 17.10.2022-жылы катталган турак жайды тартуулоо келишимин карап чыгып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктунун негизинде.
Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Караган айылынын Боз-Караган -6 көчөсүндөгү №1 даректеги жеке менчигинде турган 400,00 чарчы метр жерди максаттуу багыты өзгөртүлүп, мечит куруу үчүн кайрадан чектелип берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Конур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Пасаңовго милдеттендирилсин.
3. Юридикалык документтерди даярдап берүү жагы Алай архитектура жана шаар куруу башкармалыгына ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовго тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Бегматов |