КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 18–отуруму
2023-жылдын 26-январы № 18/11
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Караган айылынын Шамаке участкасындагы жаңы курулган мечиттин атын “Шамаке Асан молдо”деп коюу жөнүндө
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Караган айылынын тургундарынын 2023-жылдын 15-январындагы элдик жыйынынын “Шамаке Асан молдо” деп ат коюу жөнүндөгү №1 протоколунун негизинде.
Коңур-Дөбө айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Боз-Караган айылынын тургундарынын 2023-жылдын 15-январындагы элдик жыйынынын “Шамаке Асан молдо” деп ат коюу жөнүндөгү №1 протоколунун негизинде мечиттин аты “Шамаке Асан молдо”атындагы мечит болуп аталсын.
2. Мечитке жаңыдан ат коюлгандыгына байланыштуу иш кагаздарын мыйзамга ылайык даярдоо иштери Шамаке айылынын тургуну Асанов Тополоңго милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси К.Пасаңовго тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Бегматов |