Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 19–отуруму

 

2023-жылдын 10-февралы № 19/2

 

Айыл аймагындагы 2023-жылга карата кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилип бирок ушул жылга карата мөөнөтү бүткөн жерлерди аукционго коюу жана 1 га жерге болгон ижара акысын карап берүү жөнүндө

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондусунун ижарага берүү үчүн аукциондун алгачкы баасын коюп берүүнү угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 111-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана 2022-жылдын 18-январы №230 Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин” 401, 412 беренелерине ылайык

 

Коңур-Дөбө айлдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин

Сугат айдоо жер үчүн – 250 сом/кв.м

Кайракы айдоо жер үчүн – 62,3 сом/кв.м

Көп жылдык өсүмдүктөр (бак) – 234 сом/кв.м

Чөп чабындылар үчүн – 27,7 сом/кв.м

 

1. Айыл аймагындагы 2023-жылга карата кайра бөлүштүр фондунун ижарага берилип бирок ушул жылга карата мөөнөтү бүткөн жерлер аукционго келишимдин негизинде берилсин.

 

2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлшүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй өлчөмдө баасы коюлсун.

 

1. Сугат айдоо жер үчүн   0,5 га – 2100 сом

2. Кайракы айдоо жер үчүн   1 га  -  1150 сом

3. Көп жылдык өсүмдүктөр (бак) -2100 сом

4. Чөп чабынды жер үчүн  -  500 сом

 

3. Жер салыгы жана жана камсыздандыруу мүчөлүк акылары аукциондон утуп алгандан кийинки келишимдин негизинде көрсөтүлгөн сумманын эсебиниен түзүлсүн.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жана жер боюнча адиси К.Пасаңовго милдеттендирилсин.

 

Коңур-Дөбө айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Т.Бегматов