Редакцияот 30.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 1-отуруму

 

2026-жылдын 30-январы № 1/3

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу жөнүндөгү» №26 токтомуна ылайык, Гүлчө шаарынын мэриясынын төмөндөгү административдик кошумча кызматтарын бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн  административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу жөнүндөгү» №26 токтомуна жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация  жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  органдары  жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Гүлчө шаарынын кеңеши

          

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик Регламентине ылайык, Гүлчө шаарынын мэриясынын төмөндөгү административдик кошумча кызматтары (акысыз түрдө) бекитилип берилсин:

- Паспорт жок болгон учурда жашагандыгын аныктоочу корутунду берүү жана аларды идентификациялоо актысын жазып берүү;

- Каза болгон адамдын үй–бүлөөсүнө берилүүчү акчалай жардамды алууга маалымдама жазып берүү;

- Туруктуу жашагандыгын аныктоочу маалымдаманы талап кылуучу сот, ички иштер бөлүмү жана социалдык фонд мекемелерине маалымат жазып берүү;

- Мэриянын жана аткаруу комитетинин мурдагы кабыл алынган чечимдерине, токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жаңы токтомдорду даярдап берүү кызматы;

- Жеке менчик мүлктү маркумдан туугандары өткөрүп алууда форма-50 маалыматын жазып берүү кызматтары бекитилип берилсин.

2. Кабыл алынган токтомдун майзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

А.Б. Самиев