Редакцияот 30.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 1-отуруму

 

2026-жылдын 30-январы № 1/4

 

Гүлчө шаарынын кеңешинин 2026-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «»Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин  жана 39-беренесине ылайык, туруктуу комиссиялардын сунуштарынын негизинде , Гүлчө шаарынын  кеңеши

          

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Гүлчө шаарынын кеңешинин 2026-жылга карата иш-планы, Регламентке ылайык бекитилсин.

2. Гүлчө шаарынын кеңешинин иш планынын негизинде 2026-жылга карата туруктуу комиссиялардын иш планын иштеп чыгуу үчүн туруктуу комиссиялардын төрагалары отурумдарды уюштурсун.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары Н.Камаловага жүктөлсүн.

 

Төрага:

 

А.Б. Самиев