Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 20-февралы № 18
2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин резиденцияларынын муктаждыктары үчүн Бишкек шаарында жана Астана шаарында имараттарды жана жер участокторун өз ара акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин резиденцияларынын муктаждыктары үчүн Бишкек шаарында жана Астана шаарында имараттарды жана жер участокторун өз ара акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө казакстан тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-февралындагы № 14 (3774) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
| ||
2026-жылдын 29-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |