Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-февралы № 85
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) 5-главасынын 1-пунктунун 2-пунктчасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы № 145 "Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 "Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жөнүндө жободо:
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:
"- коррупциялык тобокелдиктерди аныктоону жана баалоону, кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча чараларды, кадрдык жана финансылык чечимдерди ички контролдоону, ошондой эле коррупцияга каршы мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнү камтуучу коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, иштөөсүн камсыз кылуу жана натыйжалуулугу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жөнүндө жободо:
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- финансылык-чарбалык ишти, мүлктү тескөөнү жана финансылык каражаттарды пайдаланууну контролдоону кошкондо, коррупциянын алдын алууга жана профилактикалоого багытталган чараларды көрөт;
- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу, ошондой эле аныкталган коррупциялык тобокелдиктер боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- коррупциянын алдын алууга жана профилактикалоого багытталган, анын ичинде инновациялык, инвестициялык жана гранттык долбоорлорду ишке ашырууда чараларды көрөт;
- чет өлкөлүк жана жеке уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө коррупциялык тобокелдиктерди баалоону кошкондо, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-1 жана 10-2-пунктчалар менен толукталсын:
"10-1) кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо боюнча чараларды кошкондо, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды улуттук аттестациялоо системасында коррупциянын алдын алууга жана профилактикалоого багытталган чараларды көрөт;
10-2) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу, ошондой эле чечимдерди кабыл алууда объективдүүлүк, ачык-айкындык жана мыйзамдуулук принциптеринин сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |