Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
6-сессиясы
2025-жылдын 28-апрели № 68
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө”№ 296 Жарлыгына ылайык Чоң-Алыш айыл аймагында маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө
Чоң-Алыш айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө” № 296 Жарлыгын жетекчиликке алып, аткаруу максатында Чоң-Алыш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү 6-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгына ылайык Чоң-Алыш айыл аймагында маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши тууралуу Жобо бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Чоң-Алыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн адиси А. Жунушалиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү кеңештин жооптуу катчысы З.Исмановага милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |
|
| Чоң-Алыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2025- жылдын 28-апрелиндеги № 68 токтому менен бекитилди |
Чоң-Алыш айыл аймагында “Маркумду узатуу жана
сөөгүн коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин
2024-жылдын 14-октябрындагы №296 Жарлыгы боюнча түзүлгөн
жобо
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартиби
4. Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартибин көзөмөлдөө
5. Жергиликтүү комиссия
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
· Бул жобо “Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнундө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын сөөк коюудагы өзгөчөлүгүн эске алып иштелип чыгып, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
· Жобонун максаты айыл аймактарында маркумду узатуу жана сөөгүн коюу ишин ирээтке келтирүү аларды өткөрүүгө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура каада-салтын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелинет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
· Айыл аймактарында “Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө” жобону (мындан ары жобо) иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 Жарлыгына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилген жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, аксакалдардын, аялдардын жана жаштар уюумдардын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган комисия курамы иш алып барат.
· Ушул Типтүү жобонун негизинде иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет.
· Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому менен белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин сайттарына жарыяланат.
3. Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартиби
3.1 Айыл өкмөтү тарабынан
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу жарлыгын аткаруу боюнча ишти көзөмөлдөө;
-Дин тутуу каадаларына жана салттарына жараша жана мүрзөгө эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүү, социалдык баракчаларга чагылдыруу;
3.2. Аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан:
-Айыл аймактарында аталган багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жергиликүү өз алдынча органдарына тыгыз көмөк көрсөтүү менен мыйзамдуулуктун, коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылуу;
3.3. Чоң-Алыш айыл аймагында айылдык мечиттердин имамдары тарабынан:
-Кыргызстан мусулмандардын дин башкармалыгы тарабынан жарлыкка ылайык чыгарылган фатваларды жеринде калк арасында жайылтуу;
-жума намаздарга келген жарандарга маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартиби, эстеликтерди коюу, жайгаштыруу тартиби жана ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
3.4. Талас райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан:
-Көрүстөндөрдү жайгаштырууга, жасалгалоого жана көрктөндүрүүгө, пайдаланууга жана күтүүгө экологиялык, санитардык талаптарды, мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдөрү, аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды жөнгө салган типтүү жобонун негизинде алып баруу.
4. Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартибин көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
· Жобого ылайык маркумду узатуу жана сөөгүн коюу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү органдарга жана кызмат адамдарына райондун акими, орун басарлары, айыл өкмөтүнүн башчысы, орун басар, жооптуу катчы, имамдар жана жергиликтүү комиссия кирет.
5. Жергиликтүү комиссия
5.1. Чоң-Алыш айыл өкмөтүндө №54 жарлык боюнча түзүлгөн комиссиялар “Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартиби жөнүндө” иш алып барат.
5.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү “Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартиби жөнүндө” ырым жырымын өткөрүп жаткан жерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал туралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт. Жобонун талаптарын бузган убакта ал жөнүндө журналга каттоо, жүргүзүп, акт түзүлөт, ал туралуу комиссияда маселе каралат.
5.3. жергиликтүү комиссия тартип бузгандарга чара көрүү, айып пул салуу боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясына кайрылуу сунуштайт.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
6.1. Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу ырым-жырымдарынын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар боюнча кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын ички мыйзамдарына жана эрежелерине каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдор) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.