КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 10-октябры № 606-т
Инвесторлорду жана инвестицияларды мамлекеттик колдоо, коргоо, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 3/11 - Суеркулов көчөсү, 1/3 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду № 1-04-08-0028-0100, мамлекеттин менчигинде турган жалпы аянты 0,8 га жер участогу уставдык капиталды көбөйтүү эсебине "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "МИК" ААК) өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун анда жайгашкан имараттарды жана курулмаларды эсепке албастан баалоо жүргүзсүн;
- акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунда жер участогунун баалануучу наркынын суммасына акциялардын кошумча эмиссиясын чыгаруу жолу менен "МИК" ААКтын уставдык капиталын көбөйтүү жөнүндө маселени карасын.
3. "МИК" ААКка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте "Экиз Иншаат ве Тижарет" ("Ekiz Insaat ve Ticaret") жоопкерчилиги чектелген коому менен ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунда турак жана башка жайларды куруу жөнүндө макулдашууну курулушу аяктагандан кийин төмөнкүлөргө өткөрүп берүү шарты менен түзүү сунушталсын:
- 10% турак жайды өзү жасалгалап бүтүрүү үчүн "МИК" ААКтын менчигине;
- жалпы аянты 1200 кв.м медициналык багыттагы жайды оңдоосу жана эмереги менен, медициналык жабдууларсыз мамлекеттин менчигине.
4. "МИК" ААКка ушул тескеменин 3-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн турак жайларды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын алкагында саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине бөлүп берүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) бул тескемени ишке ашырууда "МИК" ААКка жана "Экиз Иншаат ве Тижарет" ("Ekiz Insaat ve Ticaret") жоопкерчилиги чектелген коомуна көмөк көрсөтсүн жана ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |