Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын “29” үчтүн айы №146
Шопоков шаарынын мэриясынын 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө, 2025-2026-жылдарга кирешелер боюнча болжолдуу долбоорду бекитүү жөнүндө
Шопоков шаарынын мэриясынын 2024-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жөнүндө Шопоков шаарынын мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.В.Сергееванын жана Бюджет жана финансы боюнча комиссиянын төрагасы С.Б.Ридвановдун маалыматын угуп жана талкуулап Шопоков шаардык кеңеши
Токтом кылат:
1. Шопоков шаарынын мэриясынын пландык-бюджеттик комиссия тарабынан берилген 2024-жылга бюджети төмөнкү финансылык көрсөткүчтөргө ылайык бекитилсин:
- салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча 59774,1 миң сом суммасында
- атайын эсеп боюнча-2200,0 миң сом
Бардык кирешелер -61974,1 миң сом, 1-тиркемеге ылайык
- негизги бюджеттик эсептин чыгашалары боюнча -59774,1 миң сом суммасында
- атайын эсептин чыгашалары боюнча- 2200,0 миң сом
Бардык чыгымдар – 61974,1 миң сом, 2-тиркемеге ылайык
2. Салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрдү жана атайын эсепти эске алуу менен 2025-2026-жылдарга бюджеттин долбоору-болжолу 3-тиркемеге ылайык бекитилсин:
-2025-жылга-67426,2 миң сом суммасында
-2026-жылга-75349,2 миң сом суммасында
3. 2024-жылга чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер (эмгек акы, Соцфондго төгүмдөр, коммуналдык кызматтарга төлөөлөр) боюнча жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
4. 2023-жыл үчүн толук каржыланбаган жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын айрым топтор боюнча 2024-жылдын бюджетинде каралган ассигнованиелердин эсебинен жана анын чегинде компенсациялоо. Мында эмгек акы жана Соцфондго төгүмдөр биринчи кезекте компенсацияланууга тийиш.
5. Шопоковдун мэрине укук берүү:
- шаардык кеңештин сессиясында кийин бекитүү менен бөлүмдөр жана беренелер боюнча жергиликтүү бюджетти аткаруу процессинде зарылчылыкка жараша акча каражаттарын которууну жана оңдоп-түзөөнү жүргүзүүгө.
6. Пландан ашыкча түшкөн кирешелер биринчи кезекте социалдык-экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө, шаарды көрктөндүрүүгө жана турак жай-коммуналдык керектөөлөрдү чечүүгө каржылана тургандыгы белгиленсин.
7. 2024-жылы республикалык бюджеттен келип түшкөн каражаттар толук көлөмдө жана максаттуу гана пайдаланылсын.
8. 01.01.2024-жылга чыгашалардан ашкан кирешелерди жергиликтүү бюджет боюнча бөлүштүрүү (эркин калдык) 17696,7 миң сом суммасында бекитилсин.
- негизги бюджеттик эсепке – 17167,4 миң сом суммасында.
- атайын эсеп боюнча – 529,1 миң сом суммасында.
9. Депозиттик эсептин калдыгы – 793,9 миң сом суммасында бекитилсин.
Төрага |
| С.И.Назаров |